Ташполотов Ысламидин ([[''Член-корреспондент Российской Академии Естествознания и Инженерной академии КР, Действительный член Европейской академии естествознания'']]) 26.06. 1954-жылы туулган, Баткен областы, Кадамжай району, Кызыл-Булак айылы – физик, физика-математика илимдеринин кандидаты(1984), доцент(1994), физика-математика илимдеринин доктору (2005), профессор (2008). ОМПИ (1975), М. В. Ломоносов атындагы ММУнун аспирантурасын (1981) бүтүргөн. ОМПИде улук лаборант (1975–77), ММУда окутуучу (1977–78), ФПИде окутуучу, илимий кызматкер (1978–84), ФПИнин Оштогу кечки факультетинде (филиалында) улук окутуучу (1984-90), Л. Я. Карпов атындагы ИИИде илимий кызматкер (Москва) (1990–91), Ош ТУда декан (1991–95), ОшТУнун Кызыл-Кыя филиалынын директору (1995–2002), ОшТУда Сырткы байланыш департаментинин жетекчиси (2002), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн астында тузулгон "Нефть, газ жана энергетика институтунун" ректору (2002–03), ОшМУ энергия ресурстары жана коммуникациялык технологиялары институтунун директору (2003–05), ОшМУда декан (2006-07), 2007-жылдан Бишкек финансы-экономикалык академиясында илим боюнча проректор. Суюктук, газ жана плазманын механикасы боюнча адис. 230дан ашык илимий эмгекттердин, анын ичинде 4 монография, 25 патенттердин жана автордук күбөлүктордун ээси.
Эмгектери: Самоорганизация фрактальных конденсированных систем (в соавторстве). Б., 2004; Получение технического кремния из органических сырьевых ресурсов методом хлорирования (в соавторстве). Б., 2002.
1976-2002-жылдары Ош технологиялык университетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент.
2002-2003-жылдары Түштүк нефти, газ жана энергетика институтунун директору.
2003-2006-жылдары ОшМУнун Энергересурстар жана коммуникациялык технологиялар институтунун директору.
2006-2007-жылдары ОшМУнун Физика-техника факультетинин деканы.
2007-2008-жылдары Бишкек финансы-экономикалык академиясында илимий иштер боюнча проректор.
2009-2010-жылдары ОшМУда тышкы байланыштар департаментинин директору.
2010-2011-жылдары ОшМУ Физика-техника факультетинин Телекоммуникациялык системалар кафедрасынын профессору.
2015-жылдан ушул күнгө чейин ОшМУнун Физика-техника факультетинде Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын профессору.
Эмгек стажы - 46 жыл.
Окутулуучу сабактары: Метрология и стандартизация, Электротехника, электроника жана схемотехника, Электродинамика жана САТ, Современные технологии микро- и наноэлектроники.
Илимий кызыкчылыкты мүнөздөгөн негизги сөздөрү: Композициялык материалдар, синергетика, фракталдар, органикалык жана органикалык эмес минералдык ресурстарды кайра иштетүү, энергиянын жана жылуулуктун жаңы булактары, нанотехнология, наносистемалар.
“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9