Таштандыларды зыянсыздандыруу

Википедия дан
Таштанды

Таштандыларды зыянсыздандыруу топурак, суу, абаны булгануудан алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Натыйжасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анда оору пайда кылуучу микроорганизмдер, гельминттердин жумурткалары жок кылынат, туруксуз органикалык заттар туруктуу бирикмелерге — баалуу жер семирткичтерге айландырылат. Катуу таштандылар көп учурда биотермиялык жол менен зыянсыздандырылат. Мында органикалык заттарды микроорганизмдердин таасири менен ажыратуу, таштандыларды парниктерге, жылытмаларга төшөө жана атайын таштандылар чогултулган жерди зыянсыздандыруу жүргүзүлөт. Парниктерде (таштандылардын арасында) биохимиялык процесстер жүрүп, анда температура жогорулап, жылуулук бөлүнүп чыгат, ал жашылчаларды өстүрүүгө жардам берет, ал эми пайда болгон чиринди жер семирткич катары пайдаланылат. Таштандылар көп чогултулган жерлер топурак (калыңдыгы 25 — 50 см) же башка чирибес материалдар менен жабылат.

Таштандыларды өрттөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катуу таштандыларды толугу менен тез зыянсыздандыруу үчүн көбүнчө өрттөйт. Таштандыларды ачык таштабай, терең көөмп салуу керек, анткени таштандылар менен булганган жердин катмарынан калк арасына патогендүү микроорганизмдер, гельминттердин жумурткасы, личинкасы жугуп калышы мүмкүн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8