Теодицей

Wikipedia дан

Теодицей[оңдоо]

Теодицей (грек тилинен келген theos – кудай жана dike – адилеттүүлүк; сөзмө сөз-кудайды актоо) – бул 17–18-кылымдардагы Батыш ойчулдарынын диндик-философиялык доктриналары. Бул сөз Теодицей немец философу Г. В. Лейбниц тарабынан киргизилген.

Теодицей окуусу[оңдоо]

Теодицея окуусунда жалпыга тиешелүү жыргалчылык идеянын, жалпыны жаратып бийлеген кудайдын жана дүйнөдө көп орун алган адилетсиздик, азап чегүүлөрдүн ортосундагы карама-каршылыктарды жоюуга аракет кылган көз караштар, жоболор камтылган. Антикалык философия жана политеизм жер жүзүндө тараган жамандыкка космостук күчтөр жоопкер дешкен.

Окумуштулардын айтусунда[оңдоо]

Бирок, Сириялык философ С. Лукиан (125–180) өзүнүн «Зевс айып ачуучу» деген диалогунда бардык жаманчылыкка акыры барып кудай күнөөлү деп жазган. Платон менен Августиндин жамандык дүйнөлүк гармониянын бир бөлүгү деген ойлорун Лейбниц өзүнүн эмгегинде колдонгон. Ал: “дүйнө кудай тарабынан жакшыртылып жаратылган” – дейт, – “ал эми жазыктар менен азаптануулар максималдуулар түрдүүлүктү ишке ашыруу үчүн гана кошулган...” Христиандык Теодицея Кудай шайтандын азгыруусу боюнча өзүнө ишенүү күчүн текшерүү үчүн адамга-Ветхий заветтин авторлорунун бири Иовго улам-улам жаңы балакеттерди жиберип турган. Теолог Б. Августин Кудайды этикалык, эстетикалык жактан актайт: жамандык менен келишүү мүмкүндүгү жамандык жана зарылдыгы; жөнөкөй эле бир көрүнүш; жакшылыктын жергиликтүү гана кемчилиги, анын тең эмес бөлүштүрүлүшү; жамандык дүйнөдө өзүнчө бир бүтүндүктү түзбөйт; анда-санда гана пайда болот жана башка. Жамандыкты мындай позицияда түшүнүүнү Вольтер катуу сындап, мазактап күлгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]