Тесла, Никола

Wikipedia дан
Никола Тесла
Tesla Sarony.jpg
Туулган жылы:

  (10 -июль 1856)(1856-07-10)

Туулган жери:

Смилян айылы,Госпич, Австрия империясы(азыркы Хорватия)

Каза болгон жылы:

  (7 -январь 1943)(1943-01-07)

Каза болгон жери:

Нью-Йорк, АКШ

Өлкө:

Civil ensign of Austria-Hungary (1869-1918).svg Австрия-Венгрия / Flag of France.svg Франция / Flag of the United States.svg АКШ

Илимий чөйрөсү:

физик, инженер-механик, инженер-электрик

Иштеген жери:

Европа, АКШ

Альма-матер:

Карлов университети

Белгилүү окуучулары:

Бернард Дж. Истлунд[1]

Белгилүү болгондугу:

ойлоп табуучу, изилдөөчү
Өзгөрүлмө ток,
асинхронндук машина, магниттик талаа,
радиобайланыш

Белгилүү болгондугу:

ойлоп табуучу, изилдөөчү
Өзгөрүлмө ток,
асинхронндук машина, магниттик талаа,
радиобайланыш

Сыйлыктары


1 даражадагы Ак Арстандын Ордени

Э. Крессиан, Дж. Скотт, Т. Эдисон сыйлыктары[2]..

Кол тамгасы

Кол тамгасы

Николе Тесланын айкели Ниагара Фоллсто, АКШ

Ни́кола Те́сла (серб. Никола Тесла; 1856 Теке 10, Смилян, Австрия империясы, азыркы Хорватия — 1943 Үчтүн айы 7, Нью-Йорк, АКШ) — Электротехникалар жана радиотехникалар чөйрөсүнүн физик, инженер, ойлоп табуучу. Австро-Венгрияда төрөлгөн жана өскөн, кийинки жылдары негизинен Францияда жана АКШ да иштеген. 1891 жылы АКШ жарандыгын алган.[3].

XIX аягында жана XX кылым башында элект кубатын жана магнетизм касиеттерин изилдөөдөгү илимий төңкөрүш жасаган эмгеги үчүн коомчулукка кеңири таанымал. Тесланын патенттери жана теоретикалык иштери азыркы заманбап түзмөктөрдүн өнүгүшүнө жана негизделишене башкы негиз болгон. Өзгөрмө ток, көп фазалуу система жана электрокыймылдаткычтар экинчи этаптагы өндүрүштүк төңкөрүш аталган алга жылууну жараткан .

Жана дагы ал гипотезалык эфирдин бар экендигинин тарапкери болгон: анын бир топ эксперименттери жана тажрыйбалары белгилүү, анын максатында эфир өзгөчө форма материяда тургандыгын далилдегиси келген, жана аны техникага да колдонсо болоорун изилдеген.

Н. Тесла атынан магниттик агындын(магниттик индукция) кысымдуулук өлчөм бирдиги аталган.
Көп сыйлыктарынны арасынан - Э. Крессон, Дж. Скотт, Т. Эдисон сыйылыктары бар.

Заманбап-биографтар Тесланы "XX кылымды ойлоп тапкан адам"[4] деп эсептешет жана заманбап электрдин "ыйык жактоосу"[5]. Радио жана Токтор согушун жеңгенин демонстрациялагандан кийин залкар инженер-электротехник жана ойлоп табуучу аталган.[6] Тесланын башкы иштери заманбап электротехникага жол салып берди, анын ошондогу ачылыштары иннновациялык маани болгон. АКШ да Тесла атактыгы боюнча мен деген алдыңкы ойлоп табуучу же тарых илимпозу болбосун баардыгы менен тең тайлаша алчу [7].

Биография[оңдоо]

Башкы жылдары[оңдоо]

Милутин Тесла, серб попу, Николанын атасы
Никола Тесла төрөрлүшү тууралуу китеп (серб-славян кириллицасы)
Тесла төрөлгөн үй. Азыркы учурда музей болуп турат
Австро-Венгрия картасы. Көк менен макалада эскерилген калктуу конуштар белгиленген
1883 жылы Хорватия жана Славония падышачылыгы тарабынан берилген, Никола Тесланын паспортунун биринчи бети

Тесланын үй-бүлөөсү[8] Госпич шаарынан 6км алыс, Смилян айылындагы, ошол убактагы Австрия-Венгрия империясынын курамына кирген Лика тарыхый провинциясында турушчу.[9]Атасы - Милутин Тесла (18191879), серб, Срем епархиясынын священниги. Энеси - Георгина (Джука) Тесла (18221892), священниктин кызы болгон. 28 июнь (10 июль1856 жылы үйбүлөөдө төртүнчү ымыркай - Никола пайда болгон.[10]. Үй-бүлөдө жалпы 5 бала болгон: үч кыз - Милка, Ангелина жана Марица жана эки уул - Никола жана анын байкеси Дане. Никола беш жашка толгондо, байкеси аттан кулап, кайтыш болгон.[11]

Никола башталгыч мектептин биринчи класын Смилянада бүткөн. 1862 жылы, Дане казе болгондон кийин, үй-бүлөнүн атасы жогорку санды алган, ошондон улам Тесланын үй-бүлөөсү Госпичке көчүп кетишкен, ал жактан башталгыч мектептин калган үч классын бүтүргөн, андан кийин, үч жылдык төмөнкү реалдуу гимназияны, ан болсо 1870 жылы бүткөн. Ошол эле жылдын күзүндө Никола Карловац шаарындагы Жогорку реалдуу училищеге тапшырган. Ал өзүнүн атасынын тууганынын эжесининин үйүндө жашаган.

1873 жылдын июль айында Н.Тесла бойго жеткендик аттестатын алган. Атасынын каршы болгонуна карабай, Никола Госпичтеги үй-бүлөөсүнүкүнө келген, ал жакта холера эпидемиясы болуп жаткан эле, ошентип дароо эле ал ооруну жуктуруп(чындыгында, калппы же чынбы так такталбаган, чын эле эле холера менен ооруганбы же башка мененби) алган. Бул жөнүндө Тесла өзү мындай деп айткан:

Мага кичине кезимден эле поптун жолу багышталган болчу. Бул перспектива менин үстүмдө кара булуттай болуп асылып алган. Жетишкендик аттестатын алып, менен кайчылаш жолдо туруп калдым. Мен атамды угушум керекпи, энемдин сүйүү мээрими менен айтылган каалоосун жокко чыгарышым керекпи же тагдырга баш ийиш керекпи? Бул ой мени азапка салдырып эзди, ошентип мен келечегимди коркунуч менен карап калдым. Мен ата энемди терең сыйлоочумун, ошентип руханий илимдер менен иштөөнү чечтим. Так ошол учурда, калктын ондон бир бөлүгүн алып кеткен, коркунучтуу холера эпидемиясы жайылды. Атамдын карама каршы болгон буйруктарына карабай, мен үйдү көздөй шашылдым, ошентип оору мени да кармап алды. Кийинчерээк холера сары суу оорусуна, өпкө жана башка ооруларга алып келди. Төшөктө тогуз ай бою, эч кыймылсыз жатып, менин болгон дараметимди алып кетти, ошондо дарыгерлер менден баш тартышты. Бул физикалык кыйноолордон гана эмес болгон, менин күчтүү жашагым келген кааломдогу эң оор тажрыйба болду. Приступдардын биринде, баары мени өлгөн калды деп ойлошкондо, бөлмөгө мени «Сени айыгып кетесиң» деген сөз менен колдогонго менин атам тез кирип келди. Азыр мен элестеткендей анын өлүк - бозомук бети, мени кайратка келдирүүчү тону, бирок ошол эле учурда анын иешенимине карама каршы келген. «Балким,- дедим мен - эгер мага инженердик ишти изилдөөгө уруксат берсең, мен айыгып кетишим мүмкүн».«Сен Европадагы эң мыкты окуу жайга тапшырасың», - деп салтанаттуу айтты, ошондо мен анын айтканын кылаарын түшүндүм. Менин жүрөгүмдөн оор жүк түштү. Бирок, жубатуу кеч келип калышы мүмкүн эле, эгерди мени бир карыган аял келип укмуштуу түрдө буурчактын сорпосу менен айыктырбаганда. Мында эч кандай күчтүү сезим же болбосо сырдуу таасир жок эле. Ооруга каршы дары, толук түрдө касиеттүү, баатырлуу, эгер арга жоктон гана болбосо, анын таасири толук тийди.[12].

Айыккан Н.Тесланы Австрия-Венгриялык армияга үч жылдык кызматка чакырышы керек болуучу. Туугандары аны толук дени сак эмес деп, тоо арасында катып койушкан. Кайра артка ал 1875 жылдын жай айында гана келген.

Ошол эле жылы Никола Грацдагы жогорку техникалык училищеге(учурда Грацтык техникадык университет) тапшырып, электротехниканы окуй баштады. Электротехника боюнча лекцияда, Граммдын машинасын ишин байкап отуруп, Тесла үзгүлтүксүз ток машиналарынын кемчилигин бар экени оюна келет, бирок профессор Яков Пешль анын идеясын кескин сынга алып, баардык курс алдында алмашма токтун электркыймылдаткычтарда колдонуу мүмкүн эместиги жөнүндө лекция окуп берет. Үчүнчү курста Тесла кумароюндарына берилип кетип, картага көп суммадагы акчаларды уттурат. Өзүнүнү эскерүүлөрүндө Тесла жазган,анын иштеринде «жөн гана эс алуу калоосу эмес, ошол эле учурда коюлган максаттарда да ийгиликсиздер коштоп жүрүүсүн каалаган»[13]. Уткандарын ал дайыма утулгандарга таратып берчү, ошон үчүн ал апенди атка конот. Акыр аягында ал ушунчалык этэ утулуп, анын энеси өзүнүн таанышына карызга алганга чейин барган.Ошондон улам ал карта менен ойнобой калган.

1879 жылдын 17 (29) апрелинде Николанын атасы кайтыш болду.

Гсопичте окуган реалдуу гимназияга мугалим болуп ишке кирет. Госпичтеги иш аны канааттандыру эмес. Үй-бүлөнүнү тапкан кирешеси аз болчу, Петар жана Павл Мандичтин каржы жактан жардамы менен, жаш Тесла 1880 жылы Прагага кетип, ал жактан Прага университетинен тапшырат.

Ал болгону бир гана семестр окуган, ошентип кайра иш издегенге туура келген.

Австрия-Венгрия, Германия жана Франция[оңдоо]

1882 жылга чейин Тесла, Будапешттеги бийликтин телеграфтык компаниясында инженер-электрик болуп иштеген, ошол учурда борбордук телефондук станциянын курулушу жана телефондук линиялардын тартылышы учурунда эмгектенген. 1882 жылдын феврал айында Тесла, электркыймылдаткычындагы кубулушту кантип колдонуу жөнүндө ойлоп табат, кийин ала магниттик талаанын айлануусу аттуу аталышка ээ болот.

Телеграфтык компаниядагы жумуш Теслага алмашма токтогу электркыймылдаткычты жасоо ойлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген жок. 1882 жылдын аягында ал Париждеги Эдисондун (Continental Edison Company) Континенталдык компаниясына ишке кирет. Эң чоң иш болуп Страсбургдагы темиржол бекетине электрстанциясынын куруу болчу. 1883 жылдын башында компания Николаны Страсбургга, жаңы темиржол станциясынын жарыктыкты берүүчү жабдуулардын монтажында чыккан, катардагы иш маселелерин чечүүгө жиберет[14]. Бош убактысында Тесла асинхрондук электркыймылдаткычтын моделин жасоо менен иштечү, а 1883 жылы Страсбург шаарынын мэриясында кыймылдаткычтын ишин көрсөткөн.

23-жаштагы Никола Тесла

1884 жылдын жазында страсбургдун темиржол станциянын иштери бүткөн, ошентип Тесла Парижге кайтат, компаниядан 25 миң доллларданы премияны күтүү менен. Ага тиешелүү болгон премиялардын алуу боюнча аракети үзүлгөндүктөн, ал акчанын ала албасына көзү жетип, кемсингенсип жумуштан кетип калат[13].

Ойлоп табуучунун эң биринчи биографы Б. Н. Ржонсницкийдин[15] ырастоосу боюнча:«Анын эң биринчи ою Петербургга кетүүдө эле, анткени Орусияда ошол учурда электротехниканын өсүшүнө бир топ маанилүү ачылыштар жана ойлоп табуулар болгон. Павел Николаевич Яблочков, Дмитрий Александрович Лачинов, Владимир Николаевич Чиколевдин жана башкалардын аттары баардык өлкөнүн электриктерине белгилүү болчу, аларды макалалары дүйнө боюнча көп таралган журналдарында басылчу, жана албетте булар Теслага да белгилүү болчу»[13]. Бирок акыркы ирмемде Континенталдык компаниянын бир администратору, Чарлз Бечлор (англ. Charles Batchelor), Николаны Орусиянын ордуна АКШга барууга айнытат. Бечлор, Эдисонго, өзүнүн досуна, сунушталган кат жөнөтөт:

«Орусияга мындай талантты кетирүү кечиримсиз болгон ката болмок эле. Мистер Эдисон, сиз мага өзүмдүн бир нече саат убакытымды бөлүп Орусияга эмес АКШга көндүргөнүм үчүн да ыраазы болосуз. Мен эки эң улуу адамдарды билем - бири сиз, экинчиси - бул жаш жигит.»[13].

Тесланын биографиясын жазган башка авторлордун, Тесланны Орусияга кетүү калоосу жөнүндө эч нерсе жазылган эмес, а каттын текстти акыркы сүйлөмдөн гана берилген. Биринчилерден болуп кат жөнүндө Тесланын чоң биографы Джон О’Нейл эскерет. Тексттин документалдык тастыктыгы жок. Заманбап автор, философия доктору Марк Сейфер, айтат, мындай каттын өзү болгон да эмес.

Америка[оңдоо]

Эдисондогу жумуш[оңдоо]

Н. Тесла Руджер Бошковичтин «Натуралдык философия теориясы…» менен ВЧ трансформаторунун катушкасынын фонунда өзүнүн Хаустон-стриттеги лабораториясында

1884 жылдын 6 июлунда Тесла Нью-Йоркко келет.[16] Ал Томас Эдисондун компаниясында (Edison Machine Works) электркыймылдаткыч жана алмашма токтордун генераторун оңдоочу инженер болуп ишке кирет.

Эдисон Тесланын жаңы ойлорун муздак кабыл алчу жана улам улам ойлоп табуучунун жеке иштерин жактыр берчү эмес. 1885 жылдын жазында Эдисон, Теслага 50 миң. доллар берээрин убада кылат(ошол убакта ал сумма, азыркы заманбап 1 млн долларга барабар эле[17]), эгер Эдисон ойлоп тапкан электрикалык машиналарды конструктивдүү мыктылап кайра жасай алса.[18] Никола, дароо эле ишке киришет, ошентип кайра жакын арадан кийин Эдисон машиналаларын 24 түрүн тартуулайт, жаңы коммутатор жана регулятор, эксплуатиялык жактан биртоп мыкты турган. Баардык жаңылоолорду кабыл алып,Тесланын сыйлык боюнча суроосун Эдисон кабыл албай, эмигрант азырынча америкалык тамашаны жакшы түшүнө элек экенсиң деп койот. Кемсинген Тесла дароо иштеп чыгып кетет.[19]

Нью-Йорктогу лаборатория[оңдоо]

Эдисондун компаниясында бир жыл гана иштеп, Тесла ишкердик айланада биртоп таанымал болуп калат. Анын жумуштан кетип калганын билишкен, электротекхниктер тайпасы Николага өзүнүн электрикалык жарыктыктар маселеси боюнча байланыштуу компаниясын түзүүнү сунушташат. Тесланын алмашма ток боюнча долбоорлору аларды канаттандырбайт, ошондо алар башкы сунуш өзгөртүшүп, көчөнү жарык кылган жогоо лампасынын долбоору менен иштөөнү туура көрүшөт. Бир жылдан кийин долбоор даяр болгон. Акчанын ордуна ишкерлер ойлоп табуучуга, жаңы лампаны эксплуатациялаганга керектелүүчү компаниянын акцияларынын бир бөлүгүн сунушташат. Мындай сунуш ойлоп табуучуга жакпайт, компания болсо жооп андан кутулаар айласын таппай Тесланы ушактап жана жаман атка кондуруу айласын аракет кылышат[13].

1886 жылдын күзүнөн жазга чейин жаш ойлоп табуучу көмөкчү жумуштарда иштегенге туура келет. Ал каналдарды казуу иштеринде иштеген,«жер тандабай уктаган, жана эмнени тапса ошону жеген». Ушул убакытта ал өзү сыяктуу акыбалга келип калган Браун аттуу инженер менен таанышат, ал болсо өзүнүн бир нече тааныштарын Теслага жардам берүүлөрүн көндүрөт. 1887 жылдын апрел айында ал акчага «Тесла арк лайт компани» көчөлөрдө жарыктык берүүчү жаңы дооголук лампаларды орноштуруу менен иштей баштайт. Кийин компаниянын перспективасы АКШнын бир нече шаарынан заказдар келе баштаганда дароо эле далилдене баштайт. А ойлоп табуучуга компания болгону максатына жетүүнүн кирешесе гана болгон[13].

Тесла Нью-Йоркто өзүнүнү компаниясынын кеңсесин Бешинчи авенюдан алыс эмес имараттан, Эдисондун компаниясынын маңдайынан алат. Эки компаниянын ортосунда Америкада «Токтор согушу» (War of Currents) аттуу аталыш менен таанымал курч конкуренттик күрөш жүрө баштайт.

1888 жылдын июлунда америкалык ишкер Джордж Вестингауз Тесладан анын 40 патентин сатып алат, ар бирине орто эсеп менен 25 миң доллар төлөп. Вестингауз жана да Питсбургдагы заводдорунда консультант болуп иштегенге чакырат, ал жакта алмашма өнөр жайда колдонулуучу алмашма токтогу машиналардын үлгүлөрү даярдалып жаткан. Жумуш Теслага жаңы идеялардын үстүнө иштегенге тоскоолдук кылып, Вестингауздун кайра көндүргөнүнө болбой бир жылдын кийин кайра өзүнүн Нью Йорктогу лабораториясына кайтып келет.

Питстбургдан келгенден кийин Никола Европага барып келет. Ал жакта Парижде өтүп жаткан 1889 жылкы Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө барат, өзүнүн энесине жана Марица эжесине да жолугушуп келет[13].

18881895 жылдары Тесла өзүнүн лабораториясында магниттик талаалар жана жогорку жыштыктар менен изилдөөсүн өткөзөт. Ушул жылдар аябай түшүмдүү болгон: ал көптөгөн патенттерди алган. Американын электроинженерлер институтунун(American Institute of Electrical Engineers) башкармасы Тесланы өзүнүн иштери жөнүндө лекция окуп берүүсүн суранат. 1892 жылдын 20 майында ал ошол убакыттын эң талантуу электротехниктердин арасындагы жана башкалардын арасындагы аудитория ортосунда сүйлөп чыгып, чоң ийгиликке жетишет. .

1895 жылдын 13 мартында Бешинчи авенюдагы лабораторияда өрт чыгат. Имарат негизине чейин күйүп кетет, жөн гана эмес ойлоп табуучунун эң акыркы жетишкендиктери кошо кетет, алардын арасында механикалык осциллятор, электрикалык жарыктыктын жаңы ыкмасы, зымсыз кат алмашуунун алыскы аралыктарга чейинки болгон жаңы ыкмасы жана электр күчүнүн табияты боюнча изилдөөлөрү. Тесла өзү эстөөсү аркылуу кайра баардык ачылыштарын ордуна келтирем деди.

Ойлоп табуучуга каржылык жардамды «Ниагарлар шаркыратмасынын компаниясы» берет. Эдварду Адамстын жардамы менен Теслада жаңы лабораториянын түзүлүшүнө 100 000 доллары пайда болот. Күзүндөн баштап изилдөөлөрү кайра жаңы даректе: Хаустон-стрит, 46да жанданды. 1896 жылдын аягында Тесла радиосигналды 30 мильге(48 км) чейин бергенге жетише алат[13].


Колорадо Спрингс[оңдоо]

Никола Тесла Колорадо-Спрингсдеги лабораторияда. 1900 жылдардын башы (сүрөт эки жолкулук экспозициянын жолу менен алынган)
Тесланын божомолунда ири интенсивдеги Колорадо Спрингсдин туруучу толкундары Индия океанын жанындагы Амстердамдын жанында болуучу.
Колорадодогу Жердин магниттик талаасы Картасында көрүнгөндөй, Тесланын лабораториясы эң ири геомагниттик активдүү жерде жайгашкан.

1899 жылдын майында жергиликтүү электр компаниясынын чакыруусу менен Тесла Колорадо штатында жайгашкан Колорадо Спрингс(англ. Colorado Springs) курооттук шаарына көчүп барат. Шаар жайык бөксө тоодо 2000 м бийиктикте жайгашкан. Катуу чагылгандар бул жактагы жерлерде сейрек эмес эле[13].

Колорадо Спрингсде Тесла анча чоң эмес лаборатория түзөт. Бул жолкусунда демөөрчү болуп «Уолдорф-Астория» отелинин ээси болот, изилдөөлөрүнө 30 000 миң доллар бөлүп берет. Чагылгандарды изилдегенге Тесла атайын түзмөк курап чыгат, кебетесинде трансформатор болгон, биринчи чырмалган бир аягы жердетилген, а экинчиси өйдө көрсөтүлүп турган окко темир шар менен бектилип турган. Экинчи чырмооко сезимталдуу өзүсалынуучу түзмөк байланган, жана жаздыруучу шайман менен бекилген. Бул түзмөк Теслага Жердин өзгөрүлүү потенцичалын изилдөөгө, жана анын катарында жердин атмосферасында(беш он жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин бул эффект толук изилденген жана «Шуман резонансы» болуп таанылган) чагылгандар разряды менен чакырылган туруучу электромагниттик толкундар эффектисин изилдеген. Ойлоп табуучунун байкоолору электрэнергиясын зымсыз чоң алыскы аралыктарга жеткирүү мүмкүнчүлүк бар экени жөнүндө ою келет.

Тесла кийинки экспериментин өзү туруучу электрмагниттик толкунунун мүмкүндүгүн изилдөөгө багыттайт. Көптөгөн индукциялык катушкалар жана башка жабдуулардан сырткары ал «күчтөндүрүүчү өткөргүч»тү долбоорлоп чыгат. Трансформатордун ири негизине биринчи чырмоодогу ором оролгон. Экинчн чырмоо 60 метрлик мачта менен байланган жана метрдик диаметрдеги мед шары менен бүткөн. Аалмашма чыңалуучу ьиринчи катушка аркылуу койо берилген бир нече миң вольт, экинчи катушкадан чыңалуусу бир нече миллион вольт жана жыштыгы 150 миң герцке чейинки ток пайда болгон.

Эксперимент учурунда, темир шардан чыккан чагылган сымал разряддар байкалган. Кээбир разряддардын узундугу 4.5 метрге чейин жеткен, а чагылган үнү 24 км аралыкта угулган. Эксперименттин биринчи жүргүзүүсү биринчи чырмоонун «күчтөндүрүүчү өткөргүч»тү энергия булагы болгон Колорадо Спрингс электрстанциясындагы генератордун күйүп кеткендигинен улам токтотулган. Тесла экспериментин токтотууга мажбур болуп жана жалгыз иштен чыккан генераторду оңдоого киришкен. Бир жумадан кийин эксперимент кайра уланган.

Эксперименттин негизинде Тесла жыйынтык чыгарат, түзмөк ага туруучу толкундарды генерирлөөгө мүмкүндүк берген, алар болсо сферикалык түрдө өткөргүчтөн тараган, андан кийин өсүүчү интенсивдүүлүк менен жердин карама каршы жагынан диаметралдуу жолугушкан, болжол менен Индия океанында жайгашкан Амстердам жана Сен-Поль аралында.

Колорадо Спрингс лабораториясында эксперимент жүргүзүү учурундагы белгилерин жана байкоолорун Тесла кийинчерээк чыккан «Colorado Springs Notes, 1899—1900» аталыштагы күндөлүгүнө жазган.

1899 жылдын күзүндө Тесла Нью-Йоркко келет.

Никола Тесланын православдык Ыйык Савв чиркөөсүнүнүн астындагы айкели. Манхэттен, Нью-Йорк

«Уорденклифф» долбоору[оңдоо]

Тесланын изилдөөлөрүн каржылаган өнөр-жай ишкери Джон Пирпонт Морган, 1903 жыл

Нью-Йорктон 60км түндүгүрөөк жайгашкан Лонг-Айленд аралында Тесла Чарльза Вардендин ээликтери менен чектелген жарден жер бөлүгүнө ээ болот. 0,8 км² аянты менен барча эл жашаган аймактан бир топ алыстыкта жайгашкан. Бул жерде Тесла лаборатория жана илимий шаар курууну көздөгөн. Анын тапшырмасы менен В. Гроу аттуу архитектор тарабынан 47 метрлик жыгач каркастык мунара жез жарым щары үстүндө жайгашкан долбоор түзүлгөн. Мындай жыгач менен куралган конструкция көптөгөн кыйынчылыктарды жаратат: массивдүү жарымшарынын борбордук тартылуу күчү өйдөгө жылып, конструкциянын туруктуулугун жоготот. Араң дегенде бул долбоорду колго алганга курулуш компаниясын табышат. Мунаранын курлушу 1902 жылы бүтөт. Тесла анча чоң эмес коттеджге жакын жерде жайгашат.

Керектүү жабдуулардын жасалуусу чоюлуп кетет, анткени аны каржылаган ишкер Джон Пирпонт Морган контракты бузат, практикалык максаттагы электрикалык жарыктыктын ордуна зымсыз электр кубатын өткөрүү изилдөөлөрү менен иштей баштаганына карап. Моргандын Теслага каржылоосун токтоткондугун угушкан башка ишкерлер да, Тесла менен иштешксиси келбей калат. Тесланы курулуш иштерин токтотууга мажбур болот, лабораторияны жаап жана кызматкерлер штатыг таратат. Кредит бергендерге төлөп кутулуу жолунда Тесла жерди сатканга мажбур болот. Мунара таштандыга 1917 жылга чейин турат, кийин федералдык бийликтегилер немис шпиондору мунараны өзүлөрүнүн максатында колдонуп атканын шекшип калышып, Тесланы бүтпөй калган долбоорун жардырып салышат[20].

«Уорденклиффден» кийин[оңдоо]

1900-жылдан кийин Тесла техника жагындагы ойлоп табуулары үчүн көптөгөн ар-кандай патенттерди алат. Электр эсептегичи, частотомер, радиоапаратуралардыгы бир катар мыктылоолору, буубара ж.б.

1914-жылдын жайында Сербия Биринчи дүйнөлүк согушка алып келген окуялардын борбору болуп калган. Америкада калып, Тесла сербиянын армиясына каражат чогултууга катышат. Ошондо ал суперкурал жөнүндө ойлоно байштайт.«Бир күн келет, ошондо кайсы бир илимий гений, бир же бирнече армияны бир кыймылы менен талкалап салгыдай курал ойлоп табат».[21]

1915-жылы Тесла Физика боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөнү жөнүндө жаза башташат. Ушуну менен катар Томас Эдисон да билдирилген. Ойлоп табуучуларга сыйлыкты экиге бөлүп алгыла дешкен. Башка булактарга таянсак, экөөнүн бири-бирине болгон тирешүүсүнүн жана жактырбоолорунун айынан, экөө тең баш тартышып, сыйлыкты экиге бөлүү болгон мүмкүнчүлүгүнөн баш тартышат.[22] Чындыгында 1915-жылы Эдисонго сыйлыкты сунушташкан эмес, бирок ага көрсөтүшкөн, а Тесланы болсо биринчи жолу 1937 жылы көрсөтүшкөн.[23]

1917-жылы Теслага Эдисондун медалын тапшырышкан, бирок өзү чечкиндүү аны алуудан баш таркан эле.

1917-жылы Тесла суу астындагы кемени радио аркылуу тапкан түзмөктүн принцибин сунуштаган.

1917-1926-жылдары Тесла Американын ар кайсы шаарларында иштеген. 1917-жылдын жайынан баштап 1918-жылдын ноябрына чейин Чикагодо «Пайл Нэшнл»де иштеген; 1919-1922-жылдары Эллис Чалмерс менен Милуокиде болгон; 1922-жылдын акыркы айларын Бостондук «Уолтем Уотч Компани»де өткөрүшкөн, а 1925-1926-жылдары Филадельфияда Тесла «Бадд Компани» үчүн бензин барасын түзгөн.

1934-жылы "Scientific American" журналына илимий чөйрөдө кеңири резонансты жараткан Тесланын макаласы жарык көргөн. Анда ал өтө жогорку чыңалууну шар түрүндөгү сыйымдуулуктарды тыпындалган курдан чыккан статикалык электр менен кубаттоо жолу аркылуу алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн чектерин дыкат карап чыгып, бул электростатикалык генератордун электрден ажыроосу атомдун ядросунун түзүлүшүн изилдөөдө жардам берерине күмөн санаарын айткан.

Өлүмү[оңдоо]

Н. Тесланын топурагы салынган урна Тесланын Белграддагы музейинде.
Тесланын айкели Пулада

Тесланы улгайы калган жашында жеңил машин койуп кетип, кабыргаларынан сынык алат. Оору курч кабыргадан сезгенүү алып, өнөкөт дартка өтүп кетет. Тесла керебетке байланып келет.

Европада Биринчи дүйнөлүк согуш башталат. Тесла өзүнүн басып алынган мекени үчүн аябай терең сары-санаа болот, улам улам баардык славяндыктарга тынчыкты сактоо боюнча кайрылат.

1943-жылдын 1 январында Элеонора Рузвельт, АКШ президентинин жубайы, оорулуу Тесланы көңүл суроо үчүн барууга тилегин айтат. АКШдагы, Югославиянын өкүлү Сава Косанович(Тесланын жээни болгон), аны 5 январда көрүп келет. Ал Тесла менен сүйлөшкөн акыры киши болгон[13].

Тесла 7 синен 8 не караган түнү 1943-жылдын январь айында жүрөк оорусунан каза табат[24].

Тесла дайыма Нью-Йоркто жайгашкан бөлмөсүнө эч ким тоскоолдук кылбасын суранчу, жада калса гостиницадагы бөлмөсүнүн эшигинде атайын тактача илинип турчу. Дене гостиница кызматкери жана Нью-Йоркер отелинин директору аркылуу өлгөндөн 2 күндөн кийин табылган. 12 январда денеин кремирлешкен, жана топурагы салынган урнаны Нью-Йорктогу Фернклифф көрүстөнүнө коюшат[25]. Кийинчерээк анан Белграддагы Никол Тесланын музейине көчүрүлөт.

Ойлоп табуулары жана илимий иштери[оңдоо]

Алмашма ток[оңдоо]

1889-жылдан тартып Никола Тесла электр тогунун жогорку жыштыктарын жана жогорку кубаттарын изилдөөнү баштаган. Жогорку жыштыкта иштөөчү Электр-механикалык генераторлордун (анын ичинде Индуктивдуу турлорун) жана трансформаторлордун (Тесланын трансформатору, 1891) биринчи үлгүлөрүн жасап чыгуу менен бирге Жогорку жыштыкта иштөөчү электр-техникаларынын өнүгүүсүнө башат ачып берген.

Алган сыйлыктары[оңдоо]


Тиркемелер[оңдоо]

  1. ученик Теслы Бернард Дж. Истлунд
  2. Кругосвет. Тесла, Никола
  3. «Tesla, Nikola». Encyclopædia Britannica from Encyclopædia Britannica 2007 Ultimate Reference Suite.
  4. Title of a biography by Robert Lomas (seen)
  5. Seifer, «Wizard: The Life and Times of Nikola Tesla», book synopsis
  6. http://news.suc.org/people/tesla/index.html
  7. Harnessing the Wheelwork of Nature: Tesla’s Science of Energy by Thomas Valone
  8. Тесла — по-сербски и на многих славянских языках — плотник
  9. Dommermuth-Costa, Carol, Nikola Tesla: A Spark of Genius, pp. 11-12. 1994. ISBN
  10. name="Rzhos"
  11. Margaret Cheney, Robert Uth, and Jim Glenn, «Tesla, Master of Lightning». Barnes & Noble Publishing, 1999. ISBN 0-7607-1005-8.
  12. Рассказ комбинирован из трёх источников:
    Н. Тесла «Речь по случаю вручения медали Эдисона» (18 мая 1917 года). Перевод из книги: Никола Тесла. Лекции. Самара, «Агни», 2008. Перевод С. В. Сливашкина, А. Е. Дунаева.
    Н. Тесла «Личные воспоминания» (Опубликовано в «Scientific American», 5 июня 1915 года) Перевод из книги: Никола Тесла. Статьи. Самара, «Агни», 2008. Перевод Л. Б. Бабушкиной.
    Н. Тесла «Мои изобретения» (Опубликовано в «Electrical Experimenter», 1919 г.) Перевод из книги: Никола Тесла. Статьи. Самара, «Агни», 2008. Перевод Л. Б. Бабушкиной.
  13. 13.0 13.1 13.2 13.3 13.4 13.5 13.6 13.7 13.8 13.9 Ржонсницкий Б. Н. Никола Тесла. М.: «Молодая гвардия». 1959. — См. список литературы
  14. Cite error: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named Tesla.1
  15. Первую статью о Н. Тесле Б. Н. Ржонсницкий опубликовал в 1956 году.
  16. «Master of Lightning» by Public Broadcasting Service. Website.
  17. $50 000 (1885 г.) = $1 082 008 (2006 г.) The Inflation Calculator  (англ.)
  18. Cheney, Margaret [1979] (2001). Tesla: Man Out of Time. Simon and Schuster. ISBN 0-7432-1536-2.
  19. «Tesla Says Edison was an Empiricist. Electrical Technician Declares Persistent Trials Attested Inventor’s Vigor. 'His Method Inefficient' A Little Theory Would Have Saved Him 90 % of Labor, Ex-Aide Asserts. Praises His Great Genius.», New York Times, October 19, 1931. «Nikola Tesla, one of the world’s outstanding electrical technicians, who came to America in 1884 to work with Thomas A. Edison, specifically in the designing of motors and generators, recounted yesterday some of …»
  20. U. S. Blows Up Tesla Radio Tower // The Electrical Experimenter, September, 1917, page 293.  (англ.) — текст заметки 1917 года о сносе башни Тесла
  21. Запись в дневнике Теслы, цитата по Б. Ржонсницкому
  22. По материалам статьи en:Nikola_Tesla#_ref-56 со ссылкой на O’Neill, «Prodigal Genius» pp228-229
  23. Сойфер, Абсолютное оружие Америки
  24. Биография
  25. Валентина Богомолова, Никола Тесла (Nikola Tesla). Гений-одиночка или безумец опередивший своё время?, 03.11.2004

Булактар[оңдоо]

Орусча котормодогу эмгектери[оңдоо]

  • Никола Тесла. Статьи. Агни, 2008. ISBN 978-5-89850-078-8.
  • Никола Тесла. Лекции. Агни, 2008. ISBN 978-5-89850-092-4.
  • Никола Тесла. Колорадо-Спрингс. Дневники 1899—1900. Агни, 2008. ISBN 978-5-89850-100-6.
  • Никола Тесла. Патенты. Агни, 2009. ISBN 978-5-89850-12-6.

Китептер жана журналдары[оңдоо]

Ю. В. Мазурин. Никола Тесла — славянский гений.
В. Абрамович. Метафизика и космология учёного Николы Теслы. Калып:Ref-size

Документалдык тасмалар[оңдоо]