Тилеке бий

Википедия дан

Тилеке бий кыргыздын адигине уруусунун уруу башчысы.

1609-1610 жылы Чыгыш Түркстандагы Аксуу, Үч-Турпан шаарларын Ботокара бий менен биргеликте 5000 миң аскер менен талап тоногон.

Бирок, Тимур Султан баштаган могол аскерлери куугунтукка алганда, Ботокаранын аскерлерин таштап, бир жылгада, бекинип,салгылашуунун жүрүшүн байкап турган.

Ботокара баштаган 3000 аскер куугунчулар менен салгылашып, 2000 кыргыз жоокери курман болуп, Ботокара баштаган 1000 аскер колго түшкөн. Ошондон кийин, Тилеке бий курун мойнуна салып, Тимур султандан кечирим сурап, алдына келген. Тимур султан чоң атасы Мухаммед хандын өлгөнүн Тилеке бийден угуп, аларды коё берген.

Бул маалыматтар Махмуд Чорос жана Махмуд ибн Валинин эмгектеринде сакталып калган. Тилеке бий тууралуу маалымат башка эч бир тарыхый булакта кездешпейт.

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бартольд В.В. Кыргызстан жана кыргыздардын тарыхы боюнча тандалган эмгектер.- Бишкек, 1997.
  • Караев О. Чагатайский улус. Государство Хайду. Моголстан.- Бишкек, 1994.
  • Источниковедение Кыргызстана (С древнейших времен до конца XIX века).- Бишкек, 1996.
  • Восточные авторы о кыргызах // Сост-ль О. Караев.-Бишкек, 1991.