Тил (анатомия)

Wikipedia дан

Тилооз көңдөйүндө жайгашкан булчуңдуу орган.

Gray1019.png
Gray1014.png

Функциясы жана түзүлүшү[оңдоо]

Ал сыртынан былжырлуу кабык менен капталган. Тамак-ашты чайноодо, жутууда, сүйлөгөн учурда тыбыштарды пайда кылууда тилдин кызматы зор. Ошондой эле тил даам сезүү органы болуп эсептелет.

Тил: 1— тилдин учу; 2— тилдин узата жылгасы; 3—тил тулку; 4—тил үрпүчөлөрү; 5—тилдин түбү менен тулкусун бөлүп туруучу жылга; 6— тилдин түбү.


Ал узата келип, алды жагы ичкерип — учу, арт жагы жооноюп — негизи же түбү, ал эми орто жери денеси деп аталат. Тилдин үстүңкү бетиндеги (жонундагы) ортолук жылгасы анын оң жана сол бөлүгүнүн кошулушунан пайда болгон. Ал жылга арт жагынан чуңкурча менен бүтөт. Чуңкурчанын эпителий клеткаларынан төмөн карай калкан сымал бези өсүп чыгат. тилдин үстүндө, эки капталында жана учунда былжырлуу кабыкчадан пайда болгон көп сандаган соргучтары бар. Алардын формасы, көлөмү ар түрдүү (жип сымал, козу карын сымал, жалбырак сымал жана башкалар) болот. Анын ичинде жайланышкан нерв жана кан тамырлары даамды жана ар түрдүү сезимдерди кабыл алып, борбордук нерв системасына өткөрүүгө ылайыкталган.
Тилдин түп жагында соргучтар болбойт, бирок ал жерде көп сандаган лимфа түйүндөрү жайгашкандыктан ар кандай өлчөмдөгү дөңчөлөр болот. Тилдин астыңкы бетинин былжырлуу кабыкчасы жука жана жылмакай болуп, ооз көңдөйүнүн астына өткөндө ортолук бүктөөнү — тил ооздукчасын түзөт. Ал ооздукчанын эки жагында тил алдындагы соргучтар жайгашкан.
Алардын учунда жаактын жана тилдин астындагы шилекей бездеринин түтүкчөлөрү ачылат.

Тил оорулары[оңдоо]

Тил булчуңдарынын талчалары анын абдан кыймылдуу болушуна жана формасынын өзгөрүп турушуна шарт түзөт. Тил артериясы сырткы күрөө тамырдан чыгып, тилди кан менен жабдыйт. Анын кыймылы тил алдындагы нерв аркылуу булчуңдардын жыйрылуусунун негизинде ишке ашырылат. Айрым учурда тилдин үстү терең издүү болуп, ага тамак-аш калдыктары калып, тил эрозияга учурайт, жарылат. Тилдин булчуңдарынын ашкере өөрчүшүнөн ал өтө чоңоюшу мүмкүн. Кээде тил ооздукчасы кыска болуп эмчектеги бала эмчек соро албай кыйналат, кийин чулдур сүйлөйт. Тилдин айрым оорулары кабылдап абцесс, флегмонага айлануусу мүмкүн. Мындай учурда хирургиялык операция колдонулат. Шишик ооруларында анын мүнөзүнө жараша дарылоо жүргүзүлөт. Тилдин түрдүү сезгенүү оорулары — глоссит көп кезигет. Ал тилди тиштеп алуудан же майда сөөк кирип кетүүдөн, дары ичкенден болушу мүмкүн. Тилдин былжыр челинин сезгениши көп учурда ички органдардын оорусунун белгиси болот. Ошондуктан тили дайыма сезгенген кишилер врачка кайрылып, текшерүүдөн өтүү керек. кара Стоматит макаласын.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8