Тиш

Wikipedia дан
Тиш түзүлүшү
Тиш жайгашуусу

Тиш тамакты тиштөө жана майдалоо кызматын аткарат.
Андан тышкары кишинин тиши сүйлөөгө да катышат. Кишинин алдыңкы жана үстүңкү жаагында 16дан тиш (4 кашка, 2 кылкыйма, 4 азуу, 6 акыл азуу) жайгашкан.

Сүт тиштер[оңдоо]

Сүт тиштердин формасы туруктуу тиштерге эле окшойт, бирок алар кичине, тамыры (түбү) кыска болот. Ар бир жаакта 10дон тиш (4 кашка, 2 кылкыйма, 4 азуу) болуп, кичине азуулар болбойт. бдан 14кө чейинки балдарда сүт тиш жана туруктуу тиштер болот. Сүт тиштер 13 —14 жашка чейин акырындап туруктуу тиштер менен алмашат. Мында азуу сүт тиш туруктуу кичине азуу менен алмашат. Ал эми туруктуу чоң азуулардан мурда сүт азуу тиш болбойт.
Бала 6га чыкканда биринчи туруктуу чоң азуу чыгат.

Тиштин өөрчүшү[оңдоо]

Тиштин өөрчүшү түйүлдүктүн баштапкы өөрчүү стадиясында башталып, 18—20 жашка чейин созулат. Сүт тиштер түйүлдүк 6—8 жумалык болгондо калыптанат. Ал эми туруктуу тиштер түйүлдүктүн 5-айынан, туруктуу чоң азуулар бала 6 ай чамасында, акыл азуу 3—4 жашында өөрчүй баштайт. Бул түйүлдүктүн жаагында орун жетишпегендиги менен түшүндүрүлөт. Баланын тишинин калыптанышына кош бойлуу аялдын жана баланын туура тамактануусу чоң мааниге ээ. Кош бойлуулардын, эмчектеги баланын туура эмес тамактануусу, ооруп начарлашы, витаминдин, айрыкча кальций жана фосфор туздарынын жетишсиздиги тиштин катуу тканынын калыптанышына терс таасир берип, тиш ооруларына бат чалдыгат.

Тиштин коронкасы[оңдоо]

Ар бир тиштин бүйлөдөн чыгып турган башы (коронка) бир аз ичкерип, бүйлө менен курчалган моюнчасы менен жаактын тиш оюктарында жаткан түбүнөн (тамыры) бөлүнүп турат. Тиштин ичинде көңдөйү жана тамыр каналы болуп, тиш тамырынын учундагы тешиги аркылуу көңдөйгө кан тамырлар, нервдер кирет. Тиш негизинен дентинден турат. Дентин эмаль (тиштин баш жагы) жана цемент (тамыр жагы) менен капталган. Тиштин тамыры менен тиш жаткан сөөк уячанын ортосунда байламталар болот. Алар периодонт деп аталып, андан тиш көңдөйүнө нервдер, кан тамырлар кирип аны азыктандырат. Тиш көңдөйү жана тамыр каналы жумшак ткань — пульпа менен толгон. Пульпа көпшөк туташтырма ткандан, кан тамырлардан, нервдерден жана түрдүү клеткалардан турат.

Калыптануусу[оңдоо]

Тиштин калыптануусунда адегенде дентин, андан кийин эмаль пайда болот. Эмаль эң катуу ткань болуп, 96%и минерал заттан турат. Туруктуу тиште сүт тишке караганда минерал заттар көп болот.
Тиш белгилүү мөөнөттө жана белгилүү ырааттуулукта чыгат. Адегенде баланын алдыңкы, андан кийин үстүңкү маңдай тиштери чыгат (6—8 айында). Анан (8—10 айында) алдыңкы жана үстүңкү четки маңдай тиштер, кийинчерээк 1-азуу тиштер (12 —16 айында), кылкыйма тиштер (16 — 20 айында) жана 2-азуулары (20—30 айында) чыгат. Көп учурда бала 2 жашка чыкканда бардык 20 сүт тиши чыгып бүтөт. Тиштин чыгышы физиологиялык кадимки абал; эгер баланын эти ысыса врачка кайрылуу керек; ал башка оорунун белгиси болушу ыктымал. Баланын тиши чыгарда бүйлөсү дүүлүгүп, кычышат, бала тынчсызданып, катуу буюмдарды (кашык, шакекче жана башкалар) бүйлөсүнө сүргүлөйт; шилекей көп агат (шилекей безинин функциясы күчөйт).

Биринчи тиштер[оңдоо]

Бала 5 — 6 жашка чыкканда 1-жолу туруктуу чоң азуу тиш чыгат. Ал сүт азуу тиштин арткы түбүнө (жаак өсүп ага орун болгондо) чыгат. Ортоңку маңдай тиштер бала 6—8 жашында, четки маңдай тиштер 9—10 жашында, ал эми кылкыйма жана кичине азуу тиштер 12 —14 жашында туруктуу тиштерге алмашат. 2-чоң азуу 14 жашта, ал эми акыл азуу (түпкү азуу) 16дан 25 жашка чейин чыгат. Тиш тамакты тиштеп, чайнап, шилекей менен аралаштырат. Чайноо тамак сиңирүүнүн башталышы болуп эсептелет. Шилекейдеги ферменттердин таасири менен ооздо тамак сиңирүү башталат. Ооздо тамактын жакшы майдаланышы, анын карында жакшы сиңишине шарт түзөт. Тиштер ооруга чалдыкканда же көп тиш бузулган учурда тамак сиңирүү бузулат. Чайноо шилекей безинин шилекей чыгаруусуна, карындын иштешине, кан айланууга жана организмдеги зат алмашууга оң таасир берерин И. П. Павлов көрсөткөн.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8