Токмок оюну

Википедия дан

Токмок - кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири.

Оюн тегиз жерде, мектептин спорт аянтчасында, залында ойнолот . Оюнду 9 – 17 жашка чейинки 20 – 25 оюнчу ойнойт. Бир жоолук эшилип “ токмок ” даярдалат. Оюнчулар тегерек болуп турушат. Калыс оюнчулардын бирине токмокту берет. Ал оюнчуларды тегеренип басып, биринин артына билдирбей таштап кетет. Ал оюнчуларды бир тегеренип келгенге чейин токмок ташталган өзүнүн артындагы жаткан токмокту билбей калса токмокту таштаган оюнчу аны токмок менен уруп, токмокту бир оюнчунун артына таштап качат. Токмок ташталган оюнчу таштаган оюнчуну кууп жетип урса токмок жеген оюнчу ырдап же бийлеп берет. Жетип ура алабаса ал өзү ырдап, же кызыктуу аңгеме, жомок айтуу керек. Оюнчу ырдап, бийлеп ж.б. тапшырмаларды аткаргандан кийин токмокту өзү каалаган оюнчуга таштайт. Оюн ошентип улантыла берет.

Маалымат булагы: Токторбаев С. “ Өспүрүмдөр оюндары".