Тоок сымалдар

Википедия дан
Павлиндер (Pavo): Pavo cristatus эркек.

Tooк сымалдар (лат. Galliformes) - канаттуулар түркүмү.

Төмөнкү эоцен доорунан белгилүү. Уз. 12 смден (кидик бөдөнө) 235 смге (аргус), салмагы 45 гдан 11,5 кггa (күрптөр; үй күрптөрү - 22,5 кг) жетет. Тумшугу кыска, жерде басууга ыңгайланган буту күчтүү, канаты жазы, жүнү тыгыз, түркүн түстүү. Эркектери ургаачысына караганда чоңураак, ачык түстө. Канаты кыска, жазы, тез көтөрүлүп, узакка уча албайт. Tooк сымалдардын 2 түркүмчөсү; гоациндер (1 түр) жана кадимки Tooк сымалдар (240 түрү, тукум курут болгон 100 түрү, 7 тукуму) бар. Арктикадан башка бардык жерде кездешет. Алар полигамдар, 2-20 жумуруткасын 14-30 күн басат. Бырындычы тооктор жумурткасын кум же чириндиге көөмп, балапанын чыгарат. Tooк сымалдардын балапандары уясын дароо эле таштайт. Tooк сымалдар өсүмдүк бүчүрлөрү жана курт-кумурска менен азыктанат.

Кыргызстанда 6 түрү (каракур, бөдөнө, чил, кекилик, кыргоол, улар) кездешет. Tooк сымалдар аңчылыктан азайып кетип, азыр коргоого алынган. Алардын 26 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген. Банкив тогу жана күрптөр - тооктун түпкү теги.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4