Мазмунга өтүү

Топурактын химиялык курамы

Википедия дан

Топурактын химиялык курамы — топуракта химиялык элементтердин камтылышы. Топуракта химиялык элементтер түрдүү минералдык, органикалык жана органикалык-минералдык кошулмалар түрүндө тараган.

Топурактын минералдык бөлүгү кычкылтек (49%), кремний (33%), алюминий, темир, азот, фосфор, күкүрт, калий, кальций, магнийден жана микроэлементтерден турат. Топуракта кеңири тараган кремний кошулмалары - кварц, силикаттар. Алюминий биринчилик жана экинчилик минералдардын курамында органикалык-минералдык комплекс катары жана кычкыл топуракта синирилген абалда кездешет. Темир - өсүмдүктөр үчүн эң зарыл элемент, себеби хлорофиллдин пайда болушу темирге жараша болот. Топурактагы азоттун негизги бөлүгү органикалык заттарда камтылган жана анын саны топурактагы органикалык заттардын, гумустун камтылышына жараша болот. Топуракта өтө аз санда кездешүүчү химиялык элементтер - микроэлементтер. Аларга бор (В), марганец (Мп), молибден (Мо), жез (Си), цинк (Zn), кобальт (Со), иод (J), фтор (F) ж. б. кирет. Топурактарда микроэлементтердин жетишсиздиги өсүмдүктөрдүн илдетине, түшүмдүн кескин төмөндөшүнө, сапатынын начарлашына алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4