Торгойлор

Википедия дан

Торгойлор (Alaudidae) - куштардын таранчылар түркүмүнүн тукуму.

Уз. 12-25 см, жону күрөң же боз, боору агыш же ак. Көкүрөгүндө кара күрөң тактары бар. Африка, Европа, Азияда таралган. 75ке жакын (Америка менен Австралияда бирден) түрү бар. КМШ өлкөлүндө 14, анын 8и Кыргызстанда кездешет. Торгойлордун кеңири таралгандары - талаа Торгойлор, молдо же үкү баш Торгойлор, кара каш же мүйүздүү Торгойлор, кичине Торгойлор ж. б. Алар ачык талаа, чөл, тоо жана ойдуңдардагы жайыттарда ж.б. жерлерде жашайт. Айрым түрлөрү гана бадалдуу жерлерди, токой арасындагы ачык аянттарды мекендейт. Көбү безеленип уккулуктуу сайрайт. Уясын кылдаттык менен жерге салып, көбүнчө 5 чаар жумуртка туйт, ургаачысы эки жума чамасында басат. Алар ар кандай өсүмдүк уругун жана курт-кумурска жешет. Күзүндө, кышында топтошуп жүрөт. Көпчүлүк түрү, айрыкча түндүк жактагылары кышкысын түштүккө келип, тоолуу жердегилери төмөндөп ойдуң, түздүктөргө түшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4