Травматология

Википедия дан
Травма

Травматологиямедицинанын органдар менен ткандардын кырсыкка чалдыгуусун алдын алуу жана аны дарылоо методдорун изилдөөчү тармагы.
20-кылымдын башында өз алдынча илим катары хирургиядан бөлүнүп чыккан. Травмадан кийин органдар менен ткандагы өзгөрүүлөрдү изилдөө, травмалык кабылдоолорду дарылоо ыкмаларын жакшыртуу жана алдын алуу азыркы травматологиянын негизги проблемалары болуп саналат.

Травматолог-ортопед[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Травматолог-ортопед — кыймыл таяныч аппаратынын ооруларын, кырсыкка чалдыгуусун (травмасын), деформациясын алдын алуу, дарылоо жана диагноз коюу боюнча атайын даярдыгы бар адис врач (хирург).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8