Кырсыкка чалдыгуу (травматизм)

Wikipedia дан
Колдун травмасы

Кырсыкка чалдыгуу (травматизм- грек тилинен τραῦμα- "жаракат"). Күтүлбөгөн жерден адамдын денесине жана органдарына кандайдыр бир тышкы күчтөрдүн (механикалык, физикалык, химиялык) таасиринин кесепетинен келип чыгат.
Кырсыкка чалдыгуу — бүткүл дүйнөдө эмгекке убактылуу жана туруктуу жарамсыздыктын жана өлүмдүн себеби. Ал өндүрүштүк, өндүрүш менен байланышпаган кырсыкка чалдыгуу. болуп бөлүнөт.

Өндүрүш травмасы[оңдоо]

Иш үстүндө же ишке тиешелүү кызмат аткарууда же өндүрүш аянтынын ичинде кырсыкка чалдыгуу өндүрүштүк деп аталат. Коопсуздук техникасынын эрежесин бузуу, жумушчунун өз кесибин билбеши, эмгек процессин туура эмес уюштуруу, эмгек ордун туура эмес жабдуу жана башка себеп болот. Өндүрүш кырсыгын алдын алуу үчүн өз убагында өндүрүшкө көз салуу, текшерүү, жумушту туура уюштура билүү, эрежени бузбоо чоң мааниге ээ. Өндүрүштө кезигүүчү кырсыкты алдын алуу менен бирге, кырсык болгон жерде туура жана өз убагында медициналык жардамды берүү, аны уюштура билүү, тез аранын ичинде жакынкы медициналык пунктка же ооруканага жеткирүү зарыл. Ар бир жумушка жаңы орношуп жаткан адам ошол иш менен, машина, курал-жарак, бүткүл ишке байланыштуу процесстер менен таанышып, ишке даяр экендиги тууралуу атайын сыноодон өткөндөн кийин гана ишке алынууга тийиш.

Айыл чарба травмасы[оңдоо]

Айыл чарба иштеринде кырсыктар көбүнчө жаз, жай жана күзүндөгү талаа жумуштарында кезигет. Айрыкча талаа жумуштарында бир бригада менен экинчи бригаданын ортосу алыс болгон учурдагы кырсыкка чалдыгууда өзүнө өзү жардам берүү же бири бирине жардам көрсөтүү зарыл. Ошон үчүн ар бир колхозчу, совхоздун жумушчусу жардам бере билүүнү үйрөнүүсү керек. Ар бир бригадада, талаа жана трактор станында, устаканаларда жана фермаларда санитариялык пост болууга тийиш. Анын аптекасында же сумкасында тийиштүү каражаттар болуусу зарыл.

Өндүрүш эмес травмасы[оңдоо]

Өндүрүш жумушуна байланышпаган кырсыкка транспортто, көчөдө, үй тиричилигинде, спорт оюндарында кезигүүчү кырсыктар кирет. Жол жана транспорт кырсыктары акыркы жылдарда барган сайын көбөйүүдө. Транспорт кырсыктары бар болгондуктан, киши көп жеринен жабыркап, дарылануу узакка созулат. Бул кырсыктарга көчөдө жүрүү эрежелерин бузуу, транспорттун бузуктугу, жолдун тайгак болушу, көбүнчө машинаны катуу же мас абалында айдоо учуратат.

Спорт травмасы[оңдоо]

Спорт оюндарында кезигүүчү кырсыктарга спорт оюндарын ойноп же машыгып жаткан кезде спорт аянтчаларында, стадиондо кезигүүчү кырсыктар кирет. Бокс, футбол, хоккей, күрөш, гимнастика, мотоспорт оюндарында ар бир спорт оюндарынын өзүнө мүнөздүү кырсыктар кезигет. Спорт оюндарында кезигүүчү кырсыктарга спорт оюндарын туура эмес уюштуруу, оюн өткөрүлүүчү жердин начардыгы, спорт кийимдерин туура эмес тандап алуу жана башка себеп болот.

Балдардын травмасы[оңдоо]

Балдарда кезигүүчү кырсыктардын бирден-бир себеби — алардын анатомия-физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүгү, алардын денесинин, акыл-эсинин өсүп жетиле электиги жана башкалар. Балдар кырсыктары үй тиричилигинде, көчөдө, мектепте, спорт оюндарында болушу ыктымал. Көчөдө жүрүү эрежелерин билбөө, бош убактыларын туура эмес уюштуруу, көчөдө балдардын тартип бузушу жана башка балдардын көчөдө кырсыкка чалдыгуусуна түрткү болот. Балдар кырсыгын алдын алууда балдар мекемелеринде жана үйдө тиричиликти туура уюштуруу, дайыма аларга көз болуу, туура тарбиялоонун мааниси чоң.

Биринчи жардам[оңдоо]

Кырсыкка чалдыгууда биринчи жардам канчалык тез жана туура көрсөтүлсө, андан аркы дарылоо ошончолук натыйжалуу болот. Ошондуктан ар бир адам кырсык болгондо биринчи жардам көрсөтө билүүгө тийиш. Кырсыктын эң оор түрү — кан агуу. Бул учурда дароо канды токтотуу зарыл, себеби эң кыска мөөнөттүн ичинде көптөгөн кан агып өмүргө коркунуч туудурат. Кан токтогондон кийин, эгерде сөөк сынса, кол-бутту кыймылсыз абалга келтирип таңуу керек (Иммобилизация).

Кырсыкту алдын алуу[оңдоо]

Кырсыкты алдын алуу үчүн калк арасында медициналык билимди кеңири жайылтуу зор мааниге ээ. Айрым кесиптеги кишилер — милициянын жана МАИнин кызматкери, машина айдоочулар, тарбиячылар, мугалимдер жана башка биринчи жардам көрсөтө билүүгө тийиш.


Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8