Трансмиссиялуу оорулар

Википедия дан

Трансмиссиялуу оорулар (transmission - берүү, өтүү) – кишинин жана малдын оору козгогучтары муунак буттуулар аркылуу таралуучу жугуштуу жана мите оорулары.

Оору козгогуч чиркей, бүргө, желимчи, кене сыяктуулардын чаккан жери ж. б. аркылуу кирет. Кишиде Трансмиссиялуу оорулар облигаттуу (оору козгогуч тараткычтар аркылуу жугат, мисалы., безгек, сэры лихорадка, кене кайталапма келтеси ж. б.) жана факультативдүү (оору козгогучу аба-тамчы, ичеги-карын аркылуу кишиден кишиге жугат, мисалы., туляремия, чума, сибирь кулгунасы ;. б.) болуп айырмаланат.

Малда Трансмиссиялуу оорулар энзоотия (белгилүү бир жерге, климатгеографиялык зонага байланыштуу) жана мезгилдүү түрдө өтөт. Малдын облигаттуу Трансмиссиялуу ооруларына койдун катарлуу жугуштуу лихорадкасы, гидроперикардит, жугуштуу энцефаломиелит жана жылкынын жугуштуу анемиясы, афрпка чумасы, нейроби оорусу, вирустуу жара дерматит, факультативдүү оорусуна сибирь кулгунасы, чочконун африка чумасы, туляремия ж. б. сепсис инфекциялары кирет.

Күрөшүү чаралары - кан соргуч муунак буттууларга адамды жана малды чактырбоо, оору тараткычтарды жана кемпрүүчүлөрдү жок кылуу, адамды жана малды эмдөө ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.