Трикинг

Википедия дан
Трикингдин кыскача демонстрациясы

Трикинг (англ. tricking, martial arts tricking)- аскердик искусство, гимнастика,брейк бийи жана башка спорт түрлөрүнөн түзүлгөн спорттун жаңы түрү. Ал эми трикинг менен машыккан адамды трикер, трикстер деп аташат.

Трикинг сөзү “martial arts tricks” деген сөздүн кыскартылышынан келип чыккан. “Martial Arts Tricks” англисчеден которгондо “аскердик искусствонун трюктары” деген маанини билдирет.

Пайда болуу тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1960-жылдардан баштап АКШда аскер искусствосу гимнастиканын брейк бийинин элементтери менен толуктала баштаган. Аскердик өнөрдү көргөзгөн ар кандай мелдештерде жоокердик өнөр менен машыккан адамдардын улам кийинки муундары улам жаңы көнүгүүлөрдү ойлоп табышкан. Анткени мелдеште татаал көнүгүүлөр,жаңычылдык жогору бааланган. Мына ушунун өзү бул кыймылдын өсүп базасынын чыңдалышына алып келген. Трикингдин өз алдынча калыптанышына Эрни Рейс, Даниель Стерлинг, Энтени Аткинс, Энис Чеурфа Жон Валера сыяктуу бий жана спорт сүйүүчүлөрү зор салымдарын кошушкан.

Өнүгүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Трикингдин АКШдан башка континенттерге кулач жайышына интернет себепчи. Интернеттин жардамы аркылуу бул спортко көптөгөн адамдар тартылган.Трикерлердин эң алгачкы сайты bilang.com Archived 2020-11-12 at the Wayback Machine болгон. Кийинчээрек пайда болгон TricksTutorials.com сайты жана форум аркылуу дүйнөлүк трикерлердин башын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. YouTube сайты да бүгүнкү күндө трикерлердин жеке видеороликтери аркылуу эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашып турушуна эң мыкты шарт түздү.

Тасмада[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Трикингдин көнүгүүлөрү, соккусу абдан кооз көрүнгөндүктөн, аны дүйнөлүк тасмада мушташ кадрларды коюуда абдан кеңири колдонушат. Мисалы дүйнөгө таанымал трикер Энис Чеурфа киного (Трон:Мурас (2010))тартылуу менен бул спортту ачып көргөзгөн. Мындан тышкары Тони Жаа, Жеки Чан жана көптөгөн актерлор тасмаларында трикингди колдонушат.

Медициналык аспектте[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаш өзгөчөлүгүнө токтолсок трикерлердин 5-6 жаштан баштап 50 жашка чейинкилерди кездештирүүгө болот. Демек трикинг кайсы убакыт болбосун адамдын ийилгичтигин.тең салмактуулугун, өзүн өнүктүрүүнүн мыкты булагы дегенге негиз бар.

Трикинг — абдан жаракатту спорт түрү болуп саналат.Бул спорт менен алектенгендердин эң жабыркачу дене мүчөсү бут. Көнүгүүлөрдү аткарууда эң негизги нерсе жерге туура түшүүнү өздөштүрүү башкы талап болуп саналат.

Өзгөчөлүгү жана багыттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башка спорттук кыймылдардан спорт түрлөрүнөн айырмаланып трикингде так иштелип чыккан нормативдик база жана эрежелер жок, ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө,жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктап жана фантазиясына карата машыгат. Трикерлерди машыгуусуна аткарган трюктарына карап 3 багытка бөлүп караса болот.

  1. 1-багыты аскердик өнөрдүн элементтерине , соккуларга басым жасайт.
  2. 2-лери болсо гимнастика.акробаткилык сальтолорго ык ойгондор.
  3. 3-лөрү болсо жогорудагы эки багытты тең ала жүргөндөр.

Трикинг “сырткы келбети” жагынан акробатика жана бразилиялыктардын аскердик искусствосу болгон капоэйрого абдан окшошуп кеткендиктен, көп учурда аларды чаташтырып алышат. Чындыгында, алар бири-биринен айырмаланышат. Капоэйро – аскердик өнөр болсо, ал эми трикингде ал жоокердик өнөрдүн элементтери гана камтылган. Трикингдин эң негизги өзгөчөлүгү сокку берүүчү көнүгүүлөрү сальто же буралып ыргып баратып каршылаш адамга сокку урууга негизделген. Мындан тышкары XMA жана MLM деген түрүн кезиктүрүүгө болот.

XMA (eXtreme Martial Arts) —Майк Чат тарабынан түзүлгөн спорттук карате. XMA —бул дагы гимнастика, бий, акробатиканы жана аскер өнөрүнүн бир катар техникалары,философисынан куралган. Трикингден айырмасы XMA атайын так белгиленген программа менен машыгышат.

Дагы караңыздар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]