Туберкулин

Википедия дан
Туберкулинди саюуу
48-72 сааттан кийин папула ченелет

Туберкулинкургак учук микобактериясы жуккан организмдин аллергиялык реакциясын аныктоочу препарат.
Аны 1-жолу 1890—91-ж. Р. Кох иштеп чыккан. Кургак учукту эрте табуу жана ал процесске баа берүү үчүн (Пирке, Манту реакциясында) колдонулат. Манту реакциясы Пирке реакциясына салыштырганда сезгич келет. Ал үчүн туберкулин ийин же билектин терисине сайылат. Оң реакция организм кургак учуктун козгогучуна аллергия болгондугун көрсөтөт. Кыргызстанда массалык түрдө текшерүү жүргүзгөндө Манту реакциясы жасалат.