Тюрингдер

Википедия дан

Тюри́нгдер (лат. Thuringi, T(h)ueringi, Thoringi, Thorigi) — азыркы Тюрингияда (ГФР) жашаган байыркы герман уруусу.
Тюрингиянын аталышы тюринг уруусунун атынан келип чыккан.
Тюрингдер алеманндар жана гермундурлар менен бирге Эльбанын жогорку бөлүгүндө жашашкан. Аларда отурукташкан жашоо образы болгон.
V-кылымда тюрингдер христиан динин кабыл алышат жана өздөрүнүн падышалыгын түзүшөт. 430-жылдары тюрингдер гунндардын бийлигине өткөн, бирок Аттиланын өлүмү менен гунндардын империясы кулап, тюрингдер кайрадан көзкарандысыздыкка жетишкен.
VI-кылымдын башында тюрингдер күчүнүн туу чокусуна жеткенде чыгышта Эльбадан түштүктө Майн менен Дунайдын башына чейинки аймакты ээлеп турган. Бирок 531-жылы тюрингдер франктардан катуу жеңилип, алардын жерлерин франктар менен сакстар бөлүп алышты.
Кийинчерээк тюрингдер немис элинин курамына кирген.

Тюрингдердин королдору

• 459 — 507: Бизин (507 өлгөн жылы); никелери: 1. Базина, 2. Мения

• ?—?: Фисуд

• 507 — 531:  Герменефред (534 өлтүрүлгөн), Бизиндин уулу; никеси: Амалаберга.

• 507 — 525: Бертахар (525 өлтүрүлгөн), Герменефреддин бир тууганы.

• 507 — 529: Бадерих (529 өлтүрүлгөн), Герменефреддин бир тууганы.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]