Түп өрөөнү

Википедия дан

Түп өрөөнү - Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш тарабында.

Түндүгүнөн Күнгөй Ала-тоо (бийикт. 2900–3660 м), түштүгүнөн Тасма тоосу (1800–2400 м) м-н чектешет. Башталышы (Тескей Алатоонун түн. капталында) уз. 50–55 км, туурасы 3–4 км болгон кууш капчыгай; Санташ кыш-на жакын батышты карай созулат. Аянты 1180 км2. Жазылыгы чыгышында 5–7 км, батышында 25–30 км. Өрөөндүн таманынын жазылыгы 50–100 мден 10–15 кмге, бийикт. 1606 мден 4000 мге чейин өзгөрөт. Капталдарынын тиктиги 5–10°тан 30–40°ка чейин. Баш жагы (3500–4280 м бийикте) тик капталдуу, зоокалуу келип, тепши сымал; орто бөлүгү (2400–3500 м) жайыгыраак келип, малга жайлуу; төмөнкү бөлүгү а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтө ыңгайлуу. Т. ө. суу эрозиясынан пайда болгон; гранит, конгломерат, кумдук ж. б. тектерден турат. Климаты мелүүн континенттик, июлдун орт. темп-расы түздүктө 15–16°С, тоо капталдарында 10–12°С, январдыкы —5°...— 15°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500–700 мм. Ири суулары: Түп, Табылгыты, Кеңсуу, Талдысуу, Шаты, Көөчү ж. б. Кара шалбаалуу талаа топурагы басымдуу. Түздүк бөлүгүндө тал токою, 2500 мден 3000 мге чейин карагай токою өсөт, арасында четин, шилби, тал, итмурун ж. б. кездешет. Күнгөй беттерди арча ээлеген. Өрөөндөгү Каракөл, Долон көлдөрүндө бакма каңылтыр сыяктуу балыктар бар. Өрөөндө Түп, Талдысуу, Сарытологой, Санташ, Токтоян, Долон ж. б. кыш. жайгашкан. Өрөөндө дан эгиндери, тоют кызылчасы, картошка ж. б. өсүмдүктөрү өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2