Түркмөн Болуш (Түркмөн Сарыпбек уулу)

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түркмөн Болуш, Түркмөн Сарыпбек уулу (1862, Суусамыр өрөөнү, Кызылой – 1934, Төөашуу, Абла) – болуш, саясий жана чарбалык ишмер.
Түркмөндүн бабасы – Кожотай, анын уулу Өмүрөк, андан Сарыпбек. Бабаларынын баатырлыгы элден башкача күлүктүгү жөнүндө эл ичинде көп кызыктуу аңыз кептер айтылат. Өмүрөк аталаш тууганы Чомой баатыр менен бирдикте өз элин тышкы коркунучтардан коргоп турган. Тайлак баатыр Суусамыр өрөөнүндө жашашкан Чомой, Өмүрөк баатырларды «эки ылаачын» деп атаган. Түркмөн төрөлгөндөн кийин Сарыпбек аялынын төркүндөрүнө, Чүйгө келип туруп калган. Сарыпбек адегенде Канайдын уулу Бошкойдун, кийин анын уулу Кураманыкына жиберет. Курама Чүй боорундагы азыркы Панфилов районунун аймагындагы Ортоарыктан баштап, Жайылма, Күрпүлдөккө чейинки жерди, ээлеп турган. Сарыпбек Түркмөндү молдого окууга берет. Таякелеринин жардамы менен орус мектебинен да окуп, сабаты ачылган.
1870-жылы Сарыпбек үй-бүлөсү менен Суусамырга көчүп барган. Бул учурда Россия империясы Түркстан крайын беш облуска, облустар уездге, уезддер участкаларга, алар болуштуктарга (волость) бөлгөн. Бир болуштуктун карамагында 500дөн 1000ге чейин эл жашаган. Суусамыр эли жалпы эле кулжыгач эли менен бирдикте Кулжыгач болуштугу аталып, аны Байзак болуш башкарган. Түркмөндүн зээндүүлүгүнө ыраазы болгон Байзак болуш аны өзүнө катчы кылып алган. Байзак Пишпек уездинин башчысы менен макулдашып, Кулжыгач болушун экиге бөлдүргөн. Натыйжада Көкөй, Сарыкамыш жана Суусамыр өрөөнү бир болуштук болуп, Байзактан тарбия алган Түркмөн болуш болуп шайланат да, 30 жылдан ашуун Суусамыр элин башкарган. Ал Суусамыр элин ар кандай кордук-зомбулуктан коргоого, калыстык менен башкарууга аракет кылган. ошондой эле ал эсеп ишин так билип, соодагерчиликти жакшы өздөштүргөн. Ногой, өзбек соодагерлери аркылуу өнөр жайлуу шаарлардан тоолук элге күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды алдырып келип, саттырып турган. Мекендеген жери Кызылой дыйканчылыкка ыңгайлуу жер болгондуктан Түркмөн Кызылойго биринчи болуп буудай, таруу айдаткан. Чарбасында жалданма эмгекти пайдаланган. Пишпектеги Ногой, Исхак, Бошкойдун Өзүбеги, көпөс Сейдекерим сыяктуу ишкер соодагерлер менен тыгыз байланышта болгон.
Кыргызстан Россияга карагандан кийин Түркмөн саясий кырдаалды туура баалаган. Түркмөн Суусамыр өрөөнүн өздөштүрүүгө келишкен орус инженерлери Кара төрө, Сары төрө менен достук мамиледе болгон. Ал орустардан үлгү алып, Кызылойдо биринчи жолу пайдубалын бийик түптөп, бышкан кыштан чоң там салдырган. Өрөөндөгү биринчи мектеп ушул там болгон. Азыр анда мектеп окуучуларынын кол өнөрчүлүк эмгегинин музейи жайгашкан. Сары төрөнүн кызын өзүнүн кызы менен бирге үйүндө баккан.
1916-жылы 1000 солдаттан турган орус жазалоочу отряды Чаек аркылуу Суусамырга келет. Түркмөн багып жүргөн орус кызын алып, жазалоочуларды ак желек менен тосуп чыгат. Элдин оруска каршылыгы жок экенине көзү жеткен отряд элге тийбестен кайтып кеткен. Түркмөн карапайым элден өзгөчөлөнбөй жашаган. Өзү чарчы бойлуу, кара тору, көзү бакыракай, сакал-муруту сыйда болгон.
1930-жылы Түркмөн кулакка тартылып, сүргүндө эки эле жыл жүргөн. Кайтып келгенден кийин адегенде, Карабалтанын түштүгүндөгү Бөксөжолдо, кийин Төөашуунун түндүк жак бетиндеги Жетитөр деген жерде, анан Абладагы Жыгачүй деген жерде жашаган. Ушул жерде 1934-жылы кыш чилдесинде каза таап, сөөгү Абланын оозуна коюлган.

Түркмөн болуш тууралуу аңыздар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Туркмөн, Суусамыр элин Чойбектин болуштугунан бөлүп алам деп, өзүнчө жаат түзүп жүргөн убагы экен. Жумгалдагы Чолок-Теректеги кудаларынан келе жатып Кептештин Кара-Кыясына жакын калганда, артынан Чойбектин Сөлпүбаш баштаган 7-8 жигити кууп келип, "Муну карасаң, Чойбекке салам айтпай качып бара жатканын. Бас!"-дешет. Түркмөндүн "Чойбегиңе бара албайм. Ооруп бара жатам,"- дешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)
  • [Түркмөн Сарыпбек уулу.// Суусамыр. Энциклопедия.-Б.,2010-ж.258-263 б.б.]
  • [Жакыпбеков Ж. Түркмөн болуш.// Мурас, 1992. №1. 11-15 б.б.]
  • [Өмүрбеков Т. Н. Улуу инсандардын Кыргыздардын тарыхандагы ролу жана орду.-Б., 2003]