Узун Акмат
Көрүнүш
Узун Акмат
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 90 км |
бассейндин аянты | 2 210 км² |
Суу чыгымы | 29.5 м³/с |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Узун Акмат – Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү суу. Талас Ала тоосунун түштүк капталыдагы булактардан башталып, Токтогул суу сактагычына куят. Узундугу 90 км, алабынын аянты 2210 км2. Жогорку агымында өрөөнү кууш, төмөн жагы жазыраак. Көп жылдык орточо чыгымы Уста сайдын чатында 29,5 м3/сек; эң көп чыгымы июнда (129 м3/сек), эң азы мартта (3,8 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Негизинен кар, булак, жамгыр сууларынан куралат. Ири куймалары: Каракулжа, Устасай (оң), Каракүнгөй, Бешташ, Терексай (сол). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Жаңытурмуш, Кошмо, Чоң арык, Кыркказык жана башка кыштак жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2