Усупов Макай

Википедия дан

УСУПОВ Макай (1924-ж.т., Каракол ш.) – тарыхчы жана географ, тарых илиминин доктору.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Караколдогу мугалимдер, Кыргыз мамлекеттик педогогикалык институттарын бүткөн (1951).

Ишмердүүлугү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1951–54-ж. Караколдогу мугалимдер институтунда окутуучу, 1954–57-ж. «Мугалимдер гезитинин» жооптуу катчысы, редактору, 1962–69-ж. Кыргызстан КП БКнын лекторлор тобунун жетекчиси, Кыргызстан КП БК менен Кыргыз ССР Министрлер Советинин пар- тиялык-мамл. контролдоо комитетинин илим ж-а маданият бөлүмүнүн башчысы, 1969-жылдан Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунун партиялык курулуш секторунун башчысы, улук илимий кызматкер, партия тарыхы секторунун башчысы.
Анын эмгектери Кыргызстан Компартиясынын тарыхына ж-а партиялык курулушка арналган.
Усуповдун 1 монографиясы, 11 китепчеси жана көптөгөн илимий макалалары бар.

Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экинчи даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003