Хатико

Wikipedia дан
Хатико
жапон. ハチ公
Hachiko.JPG
Хатико
Түрү:

Ит

Тукум:

Акита-ину

Жынысы:

Кобель

Туулган датасы:

10 -ноябрь 1923(1923-11-10)

Туулган жери:

Акита префектурасы

Каза болгон датасы:

8 -март 1935(1935-03-08)

Өлкө:

Merchant flag of Japan (1870).svg Жапон империясы

Кожоюн:

Хидэсабуро Уэно

Активдүү жылдары:

1923—1935[1]

Түсү:

Сары коңур

Хатико (жапончо ハチ公 Хатико) — Хатико("хачи" - сегиз дегенди билдирет, "ко" - ханзаада же герцогду түшүндүрөт) Жапониянын ишенимдиктин жана ынактыктын белгиси болуп эсептелинет, акита-ину тукумундагы ит. (Сегиз саны Жапонияда бактылуулуктун саны болуп эсептелинет )

Жашоосу[оңдоо]

Хатико дүйнөгө 1923 жылы Жетинин Айынын 10 да Жапониянын Акита префектурасында жарык дүйнөгө келген. Фермер күчүктү Токиолук университетте иштеген Хидэсабуро Уэно профессорго белек кылууну чечет. Профессор күчүккө Хатико(сегизинчи)[2]. аттуу кличка берет.

Хатико чоңойгондо, ал кожоюнунун жанынан чыкчу эмес, кожоюну кайда барса ал да жанынан чыкпай ээрчип жүрө берчү. Кожоюну күн сайын шаарга жумушка барчу, ошондуктан ит аны Сибуя бекетинин кире беришине чейин узатып барып анан кайра күндүзгү 3 тө кайрылып келип, кожоюнун тосконго ал жерге барып турчу.

1925 жылдын Бугу айынын 21де университетте профессордун инфаркты кармайт. Врачтар жашоосун сактап кала албай калышат,үйгө ал эми келбей калат. Хатико ошол учурда 18 айда болчу. Ошол күнү ал кожоюунун, ал күндүн акыр аягына чейин күтөт, бирок бекетке ар дайым, күн сайын келип, чыдамдуулук менен кожоюунун кечки киргенге чейин күтүп турат. Ал профессордун үйүнүн босогосунда түнөп турган.[3].

Профессордун туугандары жана достору өзүлөрүнүн үйлөрүнө көндүрүп, алып калышканына карабай, ал эч токтооосуз бекетке барганын такыр токтотподу. Хатиконун тырышчаактыгына суктанып, баа беришип, жергиликтүү сатуучулар жана темиржолчулар Хатикого кошумча тамак берип турушчу.

1932 жылы Токионун ири газеталарынын бирине чыккан «Жети жыл мурун[3] өлгөн кожоюунун кыйышпас досу болгон, кары ит дагы эле кожоюунун күтүп отурат» аттуу макала аркылуу Ит жалпы Жапонияга белгилүү болот. Бул окуя Жапондуктардын жүрөгүн багындырат, жана Сибуя бекетине итти көргөнгө кызыккан адамдар келе башташат.

Өлүмү[оңдоо]

Хатиконун Аяома көрүстөнүндөгү күмбөзү, Минато-ку аймагы, Жапония

Хатико бекетке өмүрүнүн аягына чейин тогуз жыл бою келип, 1935 жылдын Жалган Куран айынын 8де каза болгон[1]. Хатиконун денесин бекеттин арыраак жеринен табышкан. Анын акыркы стадиядагы ракы жана жүрөгүнүн филяриясы болгон. Хатиконун ичинен якиторинин 4 таякчасы табылган, бирок ага карабай алар ичин жабырлантышкан эмес жана өлүмдүн себеби болгон эмес[4][5]. Анын өлүмүнөн кийин, анын үстүнө коомдук кең резонанстан кийин, өлкөдө траур күнү жарыяланган.

Эскерүү[оңдоо]

Улуттук илимдер музейиндеги Хатиконун кеби, Уэно, Токио.

Хатиконун сөөгү кеп түрүндө Улуттук Илимдер Музейинде, сакталууда (Уэно, Токио, Жапония)[6][7] Сөөктөрдүн калган бөлүгү өрттөлүп, күлү Аяома көрүстөнү, Минато-ку аймагында, Токио көмүлгөн. Жана дагы Хатикого Жапонияынын виртуалдык үй жаныбарлар көрүстөнүндө ардактуу орунду алган.

Орусияда да Хатикого арналып Тольятти (Самара облусунда) шаарында да айкели тургузулган.

Жапонияынын виртуалдык үй жаныбарлар көрүстөнүндө ардактуу орунду алган

Коло эстеликтери[оңдоо]

1934 жылдын Чын Куран айында Хатиконун түспөлүнө карап Сибуя бекетинде (35 ° 39'32 .6 "N 139 ° 42'2 .1" E) айкели тургузулган, Хатиконун өзү ал ачылышта болгон. Айкел Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бузулуп аскердик керектөөлөргө чектелип кеткен. Бирок Жапония Хатикону унуткан эмес, согуш бүткөндөн кийин 1948 жылдын Баш оона айында эстелик кайра тургузулган. Азыр Хатиконун эстелиги Сибуя бекетинде сүйүшкөндөрдүн жолугушкан жери, а иттин түрү Жапонияда чын жүрөктүн сүйүүсү жана ишенимдиктин үлгүсү болуп калды[2].. 1948 жылы айкелин Кайра тургузуу уюму биринчи жасаган сүрөтчүнүн баласы аркылуу экинчи жасалган айкелин тургузушкан. Айкел тургузулганда, ачылыш аземи да болгон. Жаңы айкел 1948 жылдын Сегизинчи айында тургузулган, ал жер аябагандай популярдуу жолугушуучу жер болуп саналат. Бекетке кире бериш жер "Хатико-гути" деп аталат, жана ал "Хатико кирүү/ чыгуу" дегенди билдирип Сибуя бекетинин беш чыгуу жайларынын бири болот.

Хатиконун айкели анын туулган шаарындагы Odate бекетининин маңдайында турат.

Хатико күткөн так өзүнүн оорду бекетте дайыма бронзалык издер менен буттары жана жапон тилиндеги сөздөрдү камтыган тактар чегерилген.

Жыл сайындык церемония[оңдоо]

Ар жыл сайын Чын Куран айынын 8де, Токиодогу Сибуя темир жол бекетинин алдында Хатикону эскерүү церемониясы болуп турат. Жүздөгөн ит сүйүүчүлөр Хатиконун ишенимдигин эстеп эскерип турушат.

Маданиятка таасири[оңдоо]

Ошол убакыттагы Сибуя бекети

Хатиконун өмүр баянында 1987 жылы «Хатико тарыхы» (жап. ハチ公物語) жана 2009 жылы «Хатико: Ишенимдүү дос» тасмалары тартылган.

Хатиоконун бизге белгилүү болгон, эң акыркы сүрөтү. Сүрөттө ээсин жубайы Яэко Уэно(биринчи катар, оң тараптан экинчи) жана бекеттин персоналы 1935 жылдын Жалган Куран айынын 8де

Хатико: Эң ишенимдүү дос[оңдоо]

«Хатико: Эң ишенимдүү дос» (англ. Hachiko: A Dog's Story) — Лассе Халльстремдин Хатиконун чыныгы жашоосунан алынган көркөм тасмасы. Тасма 1987 жылы чыккан жапондордун тасмасынын ремейки болуп саналат. Тасманын сценарийин Стивен Линдси жазган. Башкы ролдорду Ричард Гир, Джоан Аллен жана Сара Ремер аткарышкан. Тасма 2009 жылдын Баш оона айынын 8де Жапонияда чыккан.

Дагы караңыздар[оңдоо]

Эскертмелер[оңдоо]

  1. 1.0 1.1 Hollywood the latest to fall for tale of Hachiko, The Japan Times (25.06.2009). Архивировано из первоисточника 5 Декабрь (Бештин айы) 2012.
  2. 2.0 2.1 Встретимся у Хатико. Түп булактан архивделген күнү 28 Март (Жалган куран) 2012.
  3. 3.0 3.1 Шапарева Г. Верный друг из страны Восходящего Солнца. Түп булактан архивделген күнү 22 Февраль (Бирдин айы) 2012.
  4. Mystery solved in death of legendary Japanese dog http://news.yahoo.com/s/ap/as_japan_faithful_dog;_ylt=At0NVbKjJVZspKka4VTiGfts_KF4;_ylu=X3oDMTM0dTBkOHFtBGFzc2V0A2FwLzIwMTEwMzAyL2FzX2phcGFuX2ZhaXRoZnVsX2RvZwRjY29kZQNwemJ1cgRjcG9zAzEEcG9zAzEEc2VjA3luX3RvcF9zdG9yaWVzBHNsawNteXN0ZXJ5c29sdmU-
  5. Associated Press, "Worms, not skewer, did in Hachiko", Japan Times, 4 March 2011, p. 1.
  6. Opening of the completely refurbished Japan Gallery of National Museum of Nature and Science "In addition to the best-loved specimens of the previous permanent exhibitions, such as the faithful dog Hachikō, the Antarctic explorer dog Jiro and Futabasaurus suzukii, a plesiosaurus native to Japan, the new exhibits feature a wide array of newly displayed items." 2007 Улуттук Илим Музейи, Уэно, Токио.
  7. A History Of The Akita Dog. Akita Learning Center. Түп булактан архивделген күнү 8 Июнь (Кулжа) 2012. Текшерилеген күнү6 Май (Бугу) 2011.

Сырткы шилтемелер[оңдоо]

  • Behind the film "Hachi: A Dog's Tale" Калып:Mdash site with numerous photos of the real Hachikō during his life, at the end of his life, of his beloved professor & of people who came to care for Hachikō. Vicki Shigekuni Wong. Текшерилеген күнү29 Ноябрь (Жетинин айы) 2012.
  • Хатико