Химера сымалдар

Википедия дан

Химера сымалдар, химералар (Chimaeriformes) - туюк баштуу балыктар түркүмү. Юра мезгилинен белгилүү. Денеси жумуру. уз. 60 с.мден 2 мге чейин жетет.

Куйрук жагы ичке. Алдынкы жон сүзгүчү учтуу шиштүү; терисинде түрпүсү жок, жылмакай. Үстүнкү жаагында 2 жуп, астынкысында 1 жуп тиштери бар. Тумшугу келтек, эркегинин маңдайы менен курсак жагында учтуу өсүндүсү бар. Деңиздин тереңинде жашайт; аз кыймылдуу. Ийне тирилүүлөр, моллюскалар, рак сымалдар, балыктар менен азыктанат. Жумурткасын деңиз түбүнө чоң, мүйүз капсулаларга таштайт. Алар Атлантика жана Тынч океандарынын жылуу сууларын мекендейт. Азыр жашаган 3 тукуму, 6 уруусу, ЗОдай түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 1 түрү - Европа химерасы кезигет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4