Чакмак таш

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 10—20 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда жоолук, жалпак таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Диаметри 7—9 метр келген тегерек сызылат, оюнга жетекчи шайланат, калгандары эки топко бөлүнүп тегеректин сыртында турушуп оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюндун кезеги боюнча бир топтон чыккан оюнчунун көзү жоолук менен таңылат. Экинчи топтон чыккан оюнчу колдоруна жалпак таштарды алып, тегеректен чыкпай 2—3 кадам жасагандан кийин таштарды бир-бирине уруп табыш чыгарып, бир аз ордунан жылбай турат. Көзү таңылган оюнчу таштардан чыккан табышты көздөй басып, таштарды чакылдаткан оюнчуну табууга аракеттенет. Эгерде ал оюнчу, таштарды чакылдаткан оюнчуну тапса, алардын тобуна жеңиш упайы берилет. Андан кийин калган оюнчулар тегерекке кезеги менен бирден чыгышып оюнду улантышат. Топтордон акыркы болушуп чыгышкан оюнчулар бир бирин табышкандан кийин, топтордогу оюнчулар ролдору менен алмашышат. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Көп жолу упайларга ээ болушкан оюнчулар жеңишет.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көздөрү таңылган оюнчулардын шыкаалап кароосуна, себепсиз жоолукту чечүүгө, таштарды чакылдаткандан кийин ордунан күтпөй жылууга, айтууга болбойт.

Педагогикалык мааниси. Көңүл коюуга, тартипти сактоого, тапкычтыкка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]