Чатышмай

Википедия дан

Чатышмай – кыргыз эл оюну.

Оюн мектептин спорт аянтчасында, тегиз жерде ойнолот. Оюнга 6-14 жаштагы 5-10 оюнчу катышат. Оюнчулар өздөрүнөн калыс шайлашат. Калыс оюнчулардын биринин көзүн жумдуруп, тескери каратып тургузат. Ал эми калгандары бири-бири менен колтукташып (бир эле колтукка үчөө, төртөө) аябай чатышып турушат. Алар болду дегенде көзүн жуумп турган оюнчу көзүн ачат. Ал чатышып турган оюнчулардын чатышын жазып, мурдакы абалындагыдай тургузушу керек. Эгерде чатышты жаза албаса ырдап же бийлеп берет. Эгер чатышын жазып кетсе анда калыс башка оюнчунун көзүн жумдурат. Ошентип, оюн улантыла берет.

Маалымат булагы: Токторбаев С. Өспүрүмдөр оюндары.