Чекилдектер

Википедия дан

Чекилдектер (Iridaceal) - өсүмдүктөрдүн бир үлүштүүлөр классынын тукуму.

Тамыры сойлоп өсүүчү, жоон жиптей же түймөкчө сымал. Сабагы жок же 10-20 смте жеткен начар өөрчүгөн сабактуу, жалбырактары негизинен тамыр моюнчасына топтолгон. Гүл чөйчөкчөсү жок, 6 үлүштүү желекчеси болот. Аталыгы 3, энелиги бирөө. Мөмөсүкутуча. Кыргызстанда 4 уруусу, 12 түрү кездешет. Алар эрте жазда гүлдөйт. Адырдын, бөксө тоонун нымдуу жерлеринде, ошондой эле өзөн бойлорунда өсөт. Бир түрү (Колпаков чекилдеги) сейрек кездешкендиктен Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4