Черногорлуктар

Википедия дан

Черногорлуктар (өздөрүн црногорди деп аташат) — эл, Черногориянын жергиликтүү калкы (280 миң), Сербияда (69 миң), ошондой эле Италия, Аргентина, Хорватия, Македония, Словения, Албания, Канада, Австралия жана Бразилияда да жашашат.

Жалпы саны 620 миң киши (2002). Серб-хорват тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - негизинен православныйлар. Этностук негизин славяндар түзөт. Черногорлуктардын кесиби - мал чарбачылык, дыйканчылык. Эркектери - ак көйнөк, ыштан, желет, күрмө, кафтан (узун этектүү сырт кийим), Тегерек формадагы баш кийим, гетры (балтырды сууктан сактоо үчүн кие турган тамансыз байпак), боолуу бут кийим, аялдары - туника үлгүдөгү көйнөк, желет, юбка, алжапкыч, баш кийим кийип, майрам күндөрү кооздуктарды тагынышат. Салттуу тамак-ашы - дан, ботко, жүгөрү, картошка, фасоль, капуста, айрым жерлерде жашылча жана балык, тоолуу аймактарда сүт, эт (майрам күндөрү) азыктарын колдонушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4