Чечек

Wikipedia дан

Чечек — өтө коркунучтуу катуу кармаган жугуштуу оору.

Чечек оорусу менен ооруган Бангладештик кыз(1973 жыл).Бангладештеги Чечек оорусун бүт түп тамыры менен жоготтук деп Эл-аралык ден-соолукту коргоо организация ырасмий түрдө 1977 жылы жарыялаган.

Түшүндүрмөсү[оңдоо]

Аны айлана-чөйрөгө эң чыдамдуу вирус козгойт. Инфекция булагы — оорулуу киши, ал оору башталгандан таза айыкканча (Чечектин карты түшкөнгө чейин) жугуштуу. Вирустар организмге аба, чаң менен, көбүнчө жогорку дем алуу органдары, кээде тери аркылуу кирет. Кан аркылуу бүт организмге тарап, теринин эпителий клеткаларына топтолуп көбөйө баштайт. Айрыкча алар теринин ачык жериндеги (баш, бет, кол, моюн, бут) клеткаларды жабыркатат.

Белгилери[оңдоо]

Чечектин билинбеген мезгили орточо 2 жумача созулат. Оору катуу, капысынан башталат. Температурасы 39—40° жана андан да жогору көтөрүлөт, адам чыйрыгып, окшуйт, кусуп, деми кыстыгат, бети, көздөрү кызарып, шишимик тартып, бүткөн бою ооруйт, 4-күндөн баштап бир аз температура төмөндөйт, бүт денеге, ооздун ичине мала кызыл бүдүр чыгат. Алардын өңү кочкул кызыл тартып, домпоюп турат. 2—3 күн өткөндөн кийин анын төбөсүнө ыйлаакча пайда болот. Оорунун 7—8-күндөрүндө ал ыйлаакчаларга ириң толуп, оорулуунун жалпы абалы начарлайт, температурасы кайра көтөрүлүп, жөөлүйт, улам эсин жоготот; деми кыстыгып, ооздон ириңдин сасык жыты чыгат, беттеги ыйлаакчалар жарылып, жарага айланат, абдан ооруйт. Чечектин толуп турганында оорулуунун бети, көздөрү шишип, ырайы бузулат. 10—12 күндөн кийин ириңдеген ыйлаакчалар кургай баштайт. Андан кийин карттанат, карты түшкөндөн кийин өмүр бою жоголбос так (чаар) калат. Бул убакта денедеги шишик жана анын ооруганы азая баштайт, бирок чыдатпай кычышат. Чечек жеңил, орточо жана оор түрдө өтүүсү мүмкүн. Жеңил түрү ага каршы эмделген кишилерде жолугат.

Дарылоо[оңдоо]

Ооруну ооруканада гана дарылайт. Чечек өтө коркунучтуу карантин ооруларына киргендиктен аны менен күрөшүү, дарылоо, сактануу, алдын алуу жана башкалар чаралары өзүнчө инструкциялардын, эрежелердин негизинде жүргүзүлөт. Ал ооруну алдын алууда эффективдүү вакцина колдонулат. Кара Чечекке каршы вакцинаны дүйнөдө биринчи болуп, 18-кылымда англиялык дарыгерЭ. Женнер тапкан.

Колдонулган адабият[оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8