Чиналиев Улукбек Кожомжарович

Википедия дан

Чиналиев Улукбек Кожомжарович (1946-ж.т.) - саясат таануу илимдеринин доктору (2004), профессор.

  • Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Ленин-Жол айылыпда төрөлгөн.
  • 1971-ж. Н.Бауман атындагы Москва жогорку техникалык училищесин аяктаган.
  • 1985-ж. Алма-Ата Жогорку партия мектебин бүтүргөн.
  • Эл аралык академиянын мүчөсү (Калифорния, АКШ).
  • 1971-1981-жж. студенттик куруучулар отрядынын республикалык штабынын комиссары, Кыргызстан ЛКСМ БКнын бөлүм башчысы, Кыргызстан ЛКСМ Фрунзе горкомунун катчысы.
  • 1981—1983-жж. Кыргызстан Компартиясынын БКнын инспектору.
  • 1983-1985-жж. Кыргызстан Компартиясынын Балыкчы горкомунун 1-катчысы.
  • 1985-1991-жж. Кыргызстан Компартиясынын Фрунзе горкомунун 1-катчысы.
  • 1991—1993-жж. КРнын Украинадагы Толук ыйгарымдуу өкүлү болгон.
  • 1998-2001-жж. КРнын улуттук коопсуздук кызматында министрдин орун басары.
  • 2001-2006-жж. КРнын Өзбекстандагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси.
  • 2006-2010-жж. «Тоо-Таш» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы.
  • 2010-ж. КРнын Россия Федерациясындагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси.
  • Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчи дипломатиялык даражасына ээ.

Кырг.ССРнин Жогорку Кеңешинин 2 жолку чакырылышындагы депутаты, КПССтин XXVII жана XXVIII съезддеринин, КПССтин XIX партконференциясынын делегаты. «Кыргызстан и Украина: общее и особенное в развитии политических структур» (1997), «Реализация принципа разделения властей в современном Кыргызстане» (1998), «Политические партии Кыргызстана» (1999), «Становление кыргызской государственности в переходный период» (2000), «Особенности формирования гражданского общества в Кыргызской Республике» (2001), «Кыргызстан на пути к демократии: трансформация политической системы» (2004) аттуу монографиялардын автору.

Кырг.ССРнин «Ардак белгиси» ордени, медалдар жана грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8