Чоробаев, Абдыкалык

Википедия дан

Абдыкалык Чоробаев (1896-1979) - кыргыз элинин атактуу акыны, дастанчысы, фолклор таануучуусу

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акын Абдыкалык Чоробаев Ички Теңир-Тоо аймагында, азыркы тапта Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Куртка деген жерде 1896-жылы туулган. Ал кезде Ак-Талаа жергеси падышалык Орусиянын отордук (колониялык) аймагы болчу. 1914-жылы Анжиян шаарындагы диндик медресеге окууга жиберилген. Кыргыз тилинен башка да арап, чагатай түрк тилдерин мыкты билген.

1917-жылы Октябрь революциясын Тогуз-Тородо тосуп, Курткага келип иштейт, 1920-жылга чейин дыйканчылык менен алектенген.
1920-жылы Ташкендеги мугалимдердин алты айлык даярдоо курсун бүтүп келип, 1925-жылга чейин башталгыч мектептерде мугалим болгон.

1925–1939-жж. райондук, айылдык советтик аппараттарда иштеген.

1940–1942-жж. айтылуу жазгыч акын Тоголок Молдонун адабий жардамчысы болуп дайындалган. Негизи, аны менен 3 жылдай чогуу иштеген.

1942-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тил, адабият, тарых институтунда иштеген.

Чыгармачыл жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1940-жылдан баштап, республикалык, райондук гезит, журналдарга ырлары чыга баштаган. Ошол жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө алынат.
1956-жылы «Жаңыл Мырза» деген китеби жарык көргөн.

1958-жылы балдар үчүн «Мышык баяны» деген китепчеси декадага арналып, Кыргызокуупедмамбастан жарыкка чыккан.


Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ага 1976-жылы «Кыргыз ССР көркөм өнөрүнө (искусствосуна) эмгек сиңирген ишмери» деген наам берилген.

«1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалынын ээси.


Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Эл депутаттарынын Куланак райондук кеңешине депутат болуп шайланган.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз элинин даңазалуу акыны, дастанчысы, фолклор таануучусу Абдыкалык Чоробаевдин (1896-1979) "Тандалган чыгармалары" жарык көрдү (Чоробаев А. Тандалган чыгармалар. Жаңыл мырза. Тайлак баатыр / Түзгөн НарынМУнун профессору, филол. ил. канд. Нарынкүл Абдыкалыковна Чоробаева. - Бишкек: MaxPrint, 2016. - 388 бет. - ISBN 978-9967-04-736-5.). Бул китепте кыргыз фольклорунда арбын учураган эски сөздөрдүн мааниси чечмеленип берилген. Мисалы, "баяндос" - көрпөчө; "бута" - баалуу чычкан териси; "дарра" - кум шыкаган камчы; "зит" - кекти ичке сактоо; "зоолу" - камалган кишинин мойнуна тагылчу чынжыр; "кыбачы" - көзөмөлчү; "лаббас" - кийим (бул арапча "либас" сөзүнөн); "мунажат" - тилек; "наштар" - тамырдан кан алчу жарак; "сардар" - аскер бөлүгүнүн башчысы; "наал" - өтүк такасы; "сарпай" - кийит; "үпчүн" - ат жабуу; "улапа" - сыйлык; "үртүк" - ат жабуунун эң коозу; "чүрпө" - дары чыгып турчу көзөнөк; "Шибээ" - Чүйдүн башынан аягына кеткен чоң жолдун аталышы; "эрам" - касиеттүү көйнөк, кепин (салыштырыңыз: "ихрам" - ажылык маалында кийилчү өзгөчө кийим; арап сөзү); ж.б.


Кыргыз тилинде

Жаңыл Мырза: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 221 б.

Мышык баяны: Легенда. Тестиер балдар үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 22 б.

Тайлак баатыр: Казал. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 115 б.

Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 86 б.

Жети баатырдын өлүмү: Поэма. Мектеп жашындагы балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1966. – 43 б.

Жаңыл Мырза: Поэма.- Ф.: Кыргызмамбас, 1966. – 216 б.

Алп Тобок: Уламыштар.– Ф.: Мектеп, 1970.–54 б.

Тандалган чыгармалар: Ырлар, легендалар.– Ф.: Кыргызстан 1976. – 164 б.

Токсон суроо: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 104 б.

  • Чоробаев А. Тандалган чыгармалар. Жаңыл мырза. Тайлак баатыр / Түзгөн НарынМУнун профессору, филол. ил. канд. Нарынкүл Абдыкалыковна Чоробаева. - Бишкек: MaxPrint, 2016. - 388 бет. - ISBN 978-9967-04-736-5.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чоробаев А. Тандалган чыгармалар. Жаңыл мырза. Тайлак баатыр / Түзгөн НарынМУнун профессору, филол. ил. канд. Нарынкүл Абдыкалыковна Чоробаева. - Бишкек: MaxPrint, 2016. - 388 бет. - ISBN 978-9967-04-736-5. - Б. 356-384.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]