Чоң театр

Чоң театр (Москва)‎»‎ барагынан багытталды)
Чоң театр

Чоң театрдын негизги сахнасынын имараты (2011)
Жайгашкан жери Орусия, Москва, Театр аянты, 1-үй, (495) 455-55-55
Координаттары 55°45′37″ с. ш. 37°37′07″ в. д.HGЯO
Түптөлүшү 1776
Көркөм жетекчиси балеттикиСергей Филин
Башкы дирижёр Василий Синайский
Башкы балетмейстер Юрий Григорович
Башкы хормейстер Валерий Борисов
Сайты Ырасмый сайты
Чоң театр Викиказынада

Орусиянын мамлекеттик эки жолку Ленин ордендүү академиялык Чоң театры, же жөн эле Чоң театрОрусия жана дүйнөдөгү эң бир чоң жана маанилүү опера жана балет театртеатрларынын бири. Театрдын имараттарынын комплекси Москва шаарынын борбор бөлүгүндөгү Театр аянтында жайгашкан, Москвадагы академиялык театр - орустун эски (1780) музыкалык театрларынын бири; орус, совет жана дүйнөлүк музыкалык театр маданиятынын ири борбору.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чоң театрдын түзүлүшү 18-кылымдагы орустун улуттук маданиятынын, профессионал актёрлор искусствосунун жана опера музыкасынын калыптануусу менен байланыштуу. 1776-ж. Москванын губернатор-прокурору князь П. В. Усуров менен антрепренёр М. Г. Медокс Москва россиялык театрынын туруктуу труйпасын түзүп, Знаменкадагы граф. Р. И. Воронцовдун үйүндө спектаклдер коюла баштаган. 1780-ж. театр Петровка көчөсүнө (азыркы Ч. т-дын орду) салынган имаратка көчүрүлүп, «Петровка театры» же «Опера үйү» деп аталган. Бул Москвадагы туңгуч туруктуу театр болгон. Театрдын алгачкы актёрлору: И. И. жана Н. Ф Калиграфтар, Г. В. Базилевич, M. С. Синявская ж. б.

Театр репертуарында орус композитору В. А. Пашкевич, M. М. Соколовский, Е. И. Фомин, чет элдик композиторлор В. А. Моцарт, Ж. Перголези, А. Гретри ж. б. чыгармалары орун алган. 1812-жылы театр имараты өрттөнүп, 1825-ж. чейин театр труппасы ар кай жерде оюн көрсөткөн. Ч. т-дын азыркы имараты (A. А. Михайловдун долбоору менен, арх. О. И. Бове) 1824-ж. салынып, 1825-ж. Ф. Е. Шольд, A. Н. Верстовский жана A. А. Алябьевдин «Музалар салтанаты» аттуу прологу менен ачылган. М. Глинканын «Падыша үчүн курмандык» («Иван Сусанин», 1842) жана «Руслан менен Людмила» (1846), А. Даргомыжскийдин «Суу периси» (1859) операларынын, А. Адандын «Жизель» (1843) балетинин коюлушу театр тарыхындагы маанилүү окуя болгон. Акустикалык жана оптикалык жактан жакшыртылып, 2 миң кишилик театр залы 5 яруска бөлүнгөн. 70-80-ж. театрда Л. Минкустун «Ламанчтык Дон Кихот» (1869), П. Чайковскийдин «Воевода» (1869), «Ак куу көлү» (1977), «Евгений Онегин» (1881), «Мазепа» (1884), «Карганын маткеси» (1891), «Иоланта» (1893), «Уйкудагы сулуу» (1899), М. П. Мусоргскийдин «Борис Годунов» (1888), Н. А. Римский-Корсаковдун «Аяз кыз» (1893), «Рождество алдындагы түн» опералары коюлуп, 1989-ж. А. Бородиндин «Князь Игорь» операсынын премьерасы болгон. 19-кылымдын аягында Чоң театр спектаклдерине Е. Семёнова, П. Хохлов ж. б. көрүнүктүү ырчылар катышкан. Театрдын репертуарында Батыш Европа композиторлорунун тандалма чыгармалары да орун алган. В. А. Моцарт, Ж. Россини, Р. Вагнер, К. Вебердин опералары, ошондой эле Ж. Вердинин «Риголетто», «Аида», «Травиата», Ш. Гунонун «Ромео менен Жулетта», Ж. Бизенин «Кармен» ж. б. чыгармалары коюлган. 20к-дын башында Ф. Шаляпин, Л. Собинов, А. Нежданова, В. Петров сыяктуу ырчылар орустун вокалдык мектебин дүйнөгө тааныткан.

Улуу Октябрь революциясынан кийин Чоң театрда жаңы доор башталган. 20-ж-дын ортосунан театр советтик композиторлордун опералары (Золотарёвдун «Декабристтер», 1925; Триодиндин «Степан Разин», 1925; Крейндин «Загмук», 1930; Д. Д. Шостаковичтин «Екатерина Измайлова», 1935; А. И. Хачатуряндын «Спартак», 1968; Р. К. Щедриндин «Анна Каренина» 1972, «Чайка» 1980, «Күчүк ээрчиткен айым», 1985; С. М. Слонимскийдин «Икар», 1976; К. В. Молчановдун «Макбет», 1980, ж. б.) коюла баштаган. 20-кылымдагы театрдын көрүнүктүү чеберлери - ырчылар: Н. А. Обухова, В. Барсова, И. Козловский, Ф. Шаляпин, Л. Собинова, Ю. Мазурок, Г. Вишнёвская, И. Поповски ж. б.; балет артисттери: М. Плисецкая, Е. Светланов, М. Семёнова, Г. Уланова, О. Лепешинская, М. Лавровский ж. б.; коюучу-хореографтар: М. Петипа, B. Рейзингер, К. Голейзовский, Ю. Посохов ж. б.; режиссёрлор: Б. Покровский, Д. Черняков, И. Поповски, А. Сокуров ж. б.; хормейстерлер: У. Авранек, А Хазанов; дирижёрлор: В. Сук, Н. Голованов, А. Пазовский, Г. Рождественский, П. Сорокин ж. б.; сүрөтчүлөр: Ф. Федоровский, C. Вирсаладзе ж. б. 1919-ж. театрга академиялык деген наам берилген (1937-ж. Ленин ордени менен сыйл.). 1976-ж. Ч. т-дын 200 жылдыгы белгиленип, ал экинчи жолу Ленин ордени менен сыйланган. Театр труппасы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Италия, Канада, Франция, Япония, Аветралия, ГДР, Куба, Мексика, АКШ ж. б.) гастролдо болгон.

Чоң театр кыргыз опера жана балет театрынын өсүшүнө чоң таасир тийгизген. 1939-ж. Чоң театр сахнасында кыргыз искусство декадасынын корутунду концерти өткөн.

Чоң театр ырчылары И. Архипова, Е. Образцова, Ю. Мазурок, А. Ведерников, А. Огницев, П. Лисициан, Т. Милашкина Кыргызстанга гастролго келип, А. Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын спектаклдерине катьппкан. СССРдин эл. артисти С. Кийизбаева (1953), Кыргыз ССРинин эл. артисти К. Сартбаева (1975), СССРдин эл. артисти Б. Миңжылкиев (1976) Чоң театр труппасы менен «Чио-Чио-сан» (Ж. Пуччини), «Борис Годунов» (М. Мусоргский) операларынан башкы партияларды аткарышкан. 1967-ж. В. Власовдун «Асел» балети коюлган (балетмейстер О. Виноградов). «Ала-Тоо жазы-76» фестивалынын катышуучусу, Чоң театрдын дирижёру Е. Светлановго Кыргыз ССРинин эл. артисти наамы берилген. Чоң театрда 1970-80-жылдары хореограф катары В. Васильев, М. Плисецкая жана Р. Петилер - С. Слонимскийдин «Икар» (1976), К. Молчановдун «Макбет» (1980), В. Гаврилиндин «Анюта» (1986); Р. Щедриндин «Анна Каренина» (1980) жана «Күчүк ээрчиткен айым» (1985) спекталдерин кайрадан жаңыртып коюшат. Театрга белгилүү режиссёрлор А. Сокуров, Т. Чхеидзе, Э. Някрошюс ж. б. атайын чакырылган. 2002-ж. Ч. т-дын жаны сахнасы Н. К. Римский-Корсаковдун «Аяз кыз» операсы менен ачылган. Репертуарында коюлган классикалык опера жана балеттер сакталган, жаны эксперимент катары чыгармаларга (П. Чайковский, «Карганын маткеси», 2002; М. Жарр «Париждик Ыйык эне собору», 2003; Д. Шостакович, «Светлый ручей», 2003; «Волт», 2005 ж. б.) өзгөчө көңүл бурулган.

2005-2011-ж. Чоң театр реконструкцияга жабылган. Бирок спектаклдер өз нугу менен үзгүлтүксүз коюлуп турган. И. Стравинскийдин «Карта ойноо» балети, хореографы - А. Ратманский (2005) ж. б.; Д. Шостакович, «Алтын доор» балети, хореографы - Ю. Григорович, дирижёру - П. Клиничев,сүрөтчүсү - С. Вирсаладзе (2006); П. И. Чайковский, «Карганын маткеси», реж. - В. Фокин, дирижёру - М. Плетнёв (Графинянын партиясында Е. Образцова, 2007), Ж. Бизе «Кармен» операсы, реж. - Дэвид Паунтни, дирижёру - Ю. Темирканов (2008) ж. б. 2011-жылдын 28 октябрында Чоң театр тарыхый сахнасынын салтанаттуу ачылышынын аземи М. Глинканын «Руслан жана Людмила» операсынын жана П. Чайковскийдин «Уйкудагы сулуу» балети менен ачылган. Ч. т. реконструкциясы чоң өзгөртүүлөргө дуушар болду - 80 мин м2 (жер үстүндө 40 миң м2 жана жер астында 40 мин м2) түзгөн. 17 лифт, 4 экскалатору бар. Декор жасалгаларына 5 кг алтын пайдаланган. Дубалдары резонаторлук каражыгачтан жасалган акустикалык панелдер менен капталган. Чоң театр акыркы заманбап татаал технологиялары менен реконструкцияланган.

Галерея[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызык фактылыр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы сүрөттөр
«Вдохновение» момпосуйларынын сыртындагы сүрөтү
  • «Кызыл Октябрь» фабрикасынын «Вдохновение» момпосуйларынын сыртындагы тартылуусу.
  • Чоң театр жүз рубль банкноталарында тартылган.
  • Чоң театр СССРдын жана Орусиянын почта маркаларында:

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Дмитриев Н. Оперная сцена Московского императорского театра. — М., 1897.
  • Государственный ордена Ленина академический Большой театр Союза ССР. — М., 1947.
  • Янковский М. Шаляпин и русская оперная культура. — М., 1947.
  • Янковский М. Ф. И. Шаляпин. — М.-Л., Музгиз, 1951. 128 с. (Серия «Мастера Большого театра»).
  • Шавердян А. Большой театр СССР. — М., 1954.
  • Хрипунов Ю. Д. Архитектура Большого театра / Науч. ред. В. Е. Быков. — М.: Госстройиздат, 1955. 248 с.
  • Большой театр Союза ССР. Опера. Балет. — М., 1958.
  • Грошева Е. А. Большой театр СССР в прошлом и настоящем. — М., 1962.
  • Тайны и легенды большого театра: Очерки. — М.: Спецкнига, 2011. — 592 с., ил., 999 экз., ISBN 978-5-91891-078-8
  • Привалов Александр. Об акустике Большого театра // Эксперт. — № 37 (918). — 2012. — 17 сентября.
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]