Чуңкурдан чыгуу
Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюнчулардын саны 2—3 киши,
Оюн чуңкурда өткөрүлөт.
Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюнчулар чуңкурга түшүшүп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, оюнчулар чуңкурдан бат чыгууга аракеттенишет. Оюн оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Чуңкурдан биринчи чыккан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Буйруктан мурда аракеттенүүгө, бир бирине тоскоолдук кылууга, чуңкурдан чыкмайынча аракетин токтотууга болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, тырышчаактыкка үйрөтөт.