Чым көң топурагы

Википедия дан

Чым көң топурагы, саздак-чымкөң топурагы - топурактын жаан-чачын, көлчүк суулар ашыкча нымдап, анда өсүмдүк калдыгынын кычкылтексиз шартта чиришинен пайда болгон топурак тиби.

Чым көң топурагы кычкыл реакциялуу, ным сыйымдуулугу жогорку жана көлөмдүк салмагы төмөн болот. Чым көң топурагы жайгашкан рельефи жана өөрчүшүнө жараша айырмаланат. Чым көң топурагынын азык зат элементтери аз (өсүмдүк калдыгынын толук чирибей, топтолушунан пайда болсо), өтө кычкыл реакциялуу, ал эми агын же жер астындагы суулар узакка чөөлмөктөп турушунан пайда болсо, микроорганизмдери аз, биологиялык активдүүлүгү төмөн, топурак реакциясы кычкыл же нейтралдуу келет. Чым көң топурагы КМШ өлкөлөрүнүн, Европа бөлүгүнүн түндүк-батыш, түндүк тарабында, Чыгыш Сибирь, Ыраакы Чыгышта ж. б., Кыргызстанда Чүй, Талас өрөөнүндө, Ысык-Көлдүн саздуу жерлеринде ж. б. кездешет. Тоют, жашылча-жемиш, өсүмдүктөрүн шалы ж. б. өстүрүү үчүн пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4