Шайбек уулу, Ысак

Википедия дан

Ысак Шайбек уулу (1880-1957) – кыргыздын 20-кылымдын башындагы жазгыч акыны.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ысак Шайбек уулу Түндүк Кыргызстандагы (азыркы Чүй облусундагы) Пишпек уездиндеги Чоң-Кемин айылында туулган.

Токмоктогу диний мектептен арабча кат тааныган.

1916-ж. ”Улуу Үркүндө” Кытайга барып, кайра 1917-ж. Кайтып келген.

1918-ж. Пишпектеги ”Букара” союзуна мүчө болуп кирген.

1918-ж. Болшевиктик партиянын Токмок уезддик комитетинин катчысы болгон.

1920-ж. Нарындагы контрреволюциячыл козголоңду басууга катышкан.

Ар кыл советтик, партиялык кызматтарда иштеген.

Чыгармачыл мурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Үркүн” маалында “Кайран эл”, ”Азган эл” ырларын чыгарып, кийин ”Большевиктер партиясына” (1918), ”Ленин” сыяктуу ырларын жазып, коммунисттик турмуш жарчыларынан болгон.

Анын чыгармачылыгындагы болшевиктик доорго чейинки мурасы анчейин жыйналып-иликтенген эмес.

Ысак Шайбек уулунун, ага замандаш Молдо Кылыч Шамыкан уулунун, Эшеналы Арабай уулунун, Тоголок Молдонун, Осмонаалы Сыдык уулунун ж.б. мисалында тээ Совет дооруна чейин эле кыргыздарда кат таанып, чыгармаларын кат түрүндө таркаткан сабаттуу акындар, тарыхчылар, жазуучулар болгонун тастыктай алабыз.

Алар кыргызча катты арап арибинде жазышкан.


Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Б.Урстанбеков, Т. Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – 1990. - (ISBN 5-89750-028-2).

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]