Шамей Токтобаев

Википедия дан

Шамей Токтобаев (1880, Каракол уезди, Тоң болушу, Күн-Чыгыш айылы - 1981, Фрунзе) - кыргыздын жазма акыны, Жазуучулар союзунун мүчөсү (1957).

Окуп, жазганды өз алдынча үйрөнгөн. 1915-ж. жарым жыл жаңы ыкма мектебинде билим алган. 1916-20-ж. жергиликтүү бай-манаптарга жалданып, 1920-31-ж. айылдык башталгыч мектепте мугалим, 1929-ж. партия уюмуна секретарь, 1935-38-ж. колхоз башкармасынын председатели болгон. Чыгармачылыгы Октябрь революциясынан мурда эле башталган. Акын революцияга чейинки «Жетимдин жалбаруусу» (1900), «Зар» (1910), «Байкуш башым» (1913), «Актарма» (1915), «Булбул» (1914), «Текесчи» (1915) ж. б. чыгармаларында бай-манаптарды сынга алып, карапайым элдин муң-зарын, кайгы-кубанычын туюнткан. Революциядан кийин «Бизге жарык заман келди» (1919) жана «Кедей-дыйкандарга» (1921), «Ирилешкен колхозго» (1950), «Мен Москваны көргөндө» (1954), «Лениндин мавзолейи» (1954) ж. б. чыгармаларын жараткан. Шамен 1957-ж. чейин чыгармаларын басмага берген эмес, көптөгөн ырлары жоголуп кеткен. 1957-ж. Кыргызстан жазуучулар союзуна 4000 саптан турган ыр, бир нече поэмаларын тапшырган. 1961-ж. «Ырлар» деген биринчи поэтикалык жыйнагы жарыкка чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4