Шаркыратма флюорит кени
Шаркыратма флюорит кени Баткен облусунун Лейлек районунда, Исфана кыштагынан 60 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте. 1966- жана 1970-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы тарабынан геол. cъемка жана издөө иштерин жүргүзүүдө табылган. Флюорит минералдашуусу ташбулак руда зонасынын аймагында кеңири таралган. Ал жерде Таш-Көмүр мезгилинде пайда болгон акиташ тектеринин арасында флюорит кварц, кальцит, кээде барит менен бирге тарам жана штокверк тулкусу тарам-чачынды түрүндө кездешет. Көгүш-боз, сыя көк, көк түстөгү кристаллдуу флюориттен түзүлгөн. Аянты 750 м3 тарам сыяктуу тулку жарака зонасында жайгашкан. Фторлуу кальцийдин орточо өлчөмү 31%. Бир руда тулкусунун запасы 35 миң т.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|