Шаршеналиева Зарыл

Википедия дан

Шаршеналиева Зарыл (1935, Чүй обл., Дөң-Арык айылы - 2011, Бишкек) - химия илимдин доктору (1985), проф. (1992). Москва текстиль институтун бүтүргөн (1959).

Кыргыз ССР ИАнын органикалык химия институтунда кенже, улук илимий кызматкер, лабор. башчысы, директор (1959-90), Илим жана жаны технология комитетинде бөлүм башчы (1990-99). 1999-жылдан КР Өкмөтүнүн алдындагы илим жана интелектуалдык менчик боюнча Кыргызпатент мамлекеттик агенттигинде бөлүм башчы, 2005-жылдан КРСУда проф. Ири молекулалуу бирикмелер химиясы боюнча адис. 170тен ашык илимий эмгеги, а. и. 4 монография, 13 автордук күбөлүгү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4