Шатемиров, Кадыр Шатемирович

Википедия дан
Шатемиров Кадыр Шатемирович

Шатемиров Кадыр Шатемирович (1911, Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз айылы - 1995) — химик, химия илимий доктору (1968), профессор (1970). Кыргызстан УИАнын академиги (1984; корреспондент мүчөсү, 1954). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1974).
1932-ж. Орто Азия мамлекеттик университетинин жумушчу факультетин, 1936-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн.
1936—38-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтта, 1941—44-ж. КММИнин жалпы химия кафедрасында окутуучу.
1944—54-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалынын химия институтунда илимий, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы болуп иштеген.
1954-жылдан Кыргызстан ИАнын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда лаборатория башчысы.
Шатемиров 400дөн ашык илимий эмгек автору. Шатемиров карбонаттуу топурак жана чопо коллоиддеринин составын аныктоо методун түзүп, карбонаттуу жана карбонат-чополуу топурактын коллоид чопо фракциясына кислота, жегич жана туздардын пептизациялоочу таасиринин физикалык-химиялык негизин иштеп чыккан; боз чоподон жасалган материалды күйгүзгөндө кальций, натрий, магний сульфаттарынын пайда болуу жана ажыроо, карапада түз кеберлеринин пайда болуу механизмин түшүндүргөн. Бышырылган чопо материалдарын суулаганда гипс менен натрий туздарынын ортосунда жүрүүчү химиялык реакцияны изилдеген. Бышкан кирпичти тузсуздандыруу, Кыргызстандын түстүү чопосунун, чополуу сланецтин негизинде минерал боёкту жана керамзитти алуу, иштетилген трансформатор майы, автол, чигит майын чопо материалдарынын жардамы менен тазалоо жана башка сунуштары иш жүзүндө колдонулууда. Медалд ар менен сыйланган.

Орус тилиндеги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Влияние солей на коллоидно-химические свойства лёссов, глин и изделий на их основе. — Фр.: 1968;
Влияние натриевых солей на коллоидно-нлистые фракции карбонатных почв. —Фр.: 1975;
Физико-химические основы обессоливания лессово-глинистых пород. — Фр.: 1978;

Кыргыз тилиндеги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дисперстик системалар. — Фр.: 1985;
Химиялык терминдердин орусча-кыргызча сөздугу (авторлош). — Фр.: 1982.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.