Шемякин, Григорий Мелентьевич

Википедия дан
Шемякин Григорий Мелентьевич

Шемякин Григорий Мелентьевич (1906, Каракол ш. —1973, Алматы ш.) — Советтер Союзунун Баатыры (21. 7. 1942[1]).
1941-ж. июлдан Советтик Армияда, 1075-аткычтар полкунда (Батыш фронту, 16-армия, 316-аткычтар дивизиясы) аткыч.
1941-ж. 16-ноябрда Дубосеково разъездинде саясий жетекчи В. Г. Клочковдун командачылыгы астында душмандын көптөгөн танкалык атакасына жана жөө аскерлерине каршы салгылашта эрдик көрсөткөн. Бул жоокерлердин тобу душмандын 18 танкасын талкалаган.
Согуштан кийин Бишкек жана Алматы шаарларында жашаган. Немидов айлына (Волокаламск району) Баатырларга арналган музей бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Советского Союза начальствующему и рядовому составу Красной Армии» от 21 июля 1942 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1942. — 23 июля (№ 28 (187)). — С. 1.