Шилекей бездери

Википедия дан

Шилекей бездери — шилекей бөлүп чыгаруучу орган.

Тамак сиңирүү органдарынын башталышы болгон ооз көңдөйүн негизинен үч чоң Шилекей бездери. курчап турат. Аларга кулак алдындагы, жаак алдындагы жана тил алдындагы бездер кирет. Булардан башка ооздун ички былжыр челинен орун алган көп сандаган майда бездер да бар. Алар жайгашкан орундарына жараша эрин, уурт, тил жана таңдай бездери деп аталат. Булардын ичинен эң эле чоңу кулак алдындагы без. Ал түзүлүшү боюнча жөнөкөй исиркек жана түтүкчөдөн турат. Анын шилекей агуучу түтүгү ооздун ичине үстүңкү жаактагы экинчи акыл азуунун тушуна ачылат. Ал эми тил алдындагы жана жаак алдындагы бездердин шилекей агуучу түтүкчөлөрү болсо тил алдындагы ооздукчанын эки жагына ачылат. Орто эсеп менен адамдын шилекей бездери бир суткада 1,5 лге чейин шилекей бөлүп чыгарат. Ал түссүз, жытсыз жана даамсыз, азыраак жегичтүү келген суюктук. Анын жардамы менен ичкен тамак ооздо химиялык жактан ажырайт. Бөлүнгөн шилекейдин өлчөмү жана химиялык составы ичкен тамактын жытына, өңүнө жана түрүнө жараша болот. Мисалы, коюу тамакка — суюк, ал эми суюгуна коюу шилекей бөлүнүп чыгат. Орустун улуу окумуштуусу И. П. Павлов көп изилдөөлөрдүн негизинде шилекейдин бөлүнүп чыгышы рефлекстик жол менен болорун аныктады. Шилекейде тамак эритүү менен бирге ар түрдүү микробдордун ооздо көбөйүшүнөн сактоочу лизоцим жана бактериолизин болот. Ал эми шилекейдеги лизоцим заты ооздогу жарааттын тез айыгышына көмөктөшөт.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8