Эвфемизм

Википедия дан

Эвфемизм (гр. – жакшы сүйлөймүн) – кулакка жагымсыз угулуучу орой, адепсиз сөздөрдү шартка, угуучунун психологиясына ылайык жымсалдаштырып, маданиятташтырып айтуу. Бул көрүнүш бул же тигил элдин үрп-адаты, маданияттуулук даражасы, эстетикалык туюму, этикалык нормаларды сактай билиши менен тыгыз байланыштуу. Мисалы, “төрөдү” дегендин ордуна – «көз жарды», «боюнан бошоду» деген сөздөр колдонулат. Эвфемизм тилди байытууда өзүнчө мааниге ээ.

Жөнөкөй сөз менен айтканда эвфемизм — көрүнүштөрдүн, кубулуштардын же буюмдардын одоно аталыштарын жумшартып, сылык формага алмаштырып, синонимдик байланыштар менен кошуп айтуу

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004

https://tyup.net/page/evfemizm