Уланбек Эгизбаев

Википедия дан
Эгизбаев Уланбек‎»‎ барагынан багытталды)
Уланбек Эгизбаев
Уланбек Эгизбаев
Ишмердүүлүк тармагы:

журналист

Туулган датасы:

12 -февраль 1990(1990-02-12)

Туулган жери:

Көк-Жар айылы, Кочкор району, Нарын облусу, Кыргызстан

Жарандыгы:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Өлгөн датасы:

22 -июль 2018(2018-07-22) (28 жаш)

Өлгөн жери:

Чолпон-Ата, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан

Атасы:

Токтосун Эгизбаев

Апасы:

Жыпар

Жубайы:

Сапаргүл Эгизбаева (Абдинабиева)

Уланбек Эгизбаев (англ. Ulanbek Egizbaev, 12-февраль 1990-жылы, Көк-Жар айылы , Кочкор району, Нарын облусу, Кыргызстан - 22-июль 2018-жылы, Чолпон-Ата, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан) - "Азаттык" радиосунун чыгаан журналисти, Webby Awards жана Алтын калем сыйлыктарынын жеңүүчүсү.

Өмүр-баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кыргыз Республикасынын Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Көк-Жар айылында туулган. Ал 2013-жылы эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде журналистика адистиги боюнча бакалавриатты, ал эми 2015-жылы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. Ал студент кезинде Түркиядагы журналистика жаатындагы бир катар сынактардын жеңүүчүсү болгон.

Уланбек Эгизбаев эмгек жолун 2012-жылы «Жаңы Агым» эркин гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштаган.

Журналисттик таланты, мээнеткечтиги, ыкчамдыгы, көп тилдерди билгендиги эске алынып, 2013-жылы Уланбек «Азаттык» үналгысынын жергиликтүү бюросуна — “Азаттык Медиа” мекемесине жооптуу сыналгы журналисти кызматына кабыл алынган. Ошондон тартып өмүрүнүн соңуна чейин ал «Азаттык» үналгысында үзүрлүү иштеп келди.

Ал 2016-жылы Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасын алган.

2016-жылы Улан Эгизбаевдин кочкорлук майып окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк “Webby Awards” же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип, Нургазы экөө Нью-Йоркко барып келишкен.

Ал эми журналисттин 25 жылдан бери Түп районундагы Долон кыштагынан Жылдыз айылына чейин атчан барып-келип иштеген карапайым мугалим Кеңешбек Шоруков тууралуу «Жол» деп аталган даректүү тасмасы эл аралык Нью-Йорк фестивалынын мыкты телеберүүлөр сынагынын күмүш медалына татыган. Тасманын каарманы Кеңешбек Шоруковго бул тасмадан кийин «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» наамы ыйгарылган.

2017-жылы Уланбек Эгизбаев КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын төш белгиси менен сыйланган. Сыйлык “Басма сөздүн жана маалыматтын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн” берилген.

Уланбек Эгизбаев негизги журналисттик кесибинен тышкары, коомдогу актуалдуу маселелерге карата жарандык турумун Интернеттин коомдук тармактары аркылуу ар дайым ачык билдирип келгени менен айырмаланчу. Ал адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка кайдыгер карап тура алчу эмес.

Анын соңку эле учурлардагы «Саясатташкан мумия», «Бажыдагы уурулук» жана «Көрүстөндөгү коррупция» сыяктуу сыналгы берүүлөрдө козгогон жемкорлукка каршы курч жана так дарекке таянган материалдары Кыргызстандагы учурда жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөшкө «Азаттык Медиа» мекемеси кошкон ири салым гана болуп калбастан, өлкөдөгү тайманбас журналисттик иликтөөнүн өрнөгү да болуп калды.
Ал талбас эмгекчилдиги, курчтугу жана калыстыгы менен башкалардан айырмаланган өзгөчө жигит болчу. Уланбек Эгизбаев өз материалдарында көтөргөн көйгөйлөрдүн бир даары оң чечилип, ал эми анын даректүү тасмаларынын каармандарынын тагдырлары дурус нукка өзгөргөн учурлар арбын.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы - Сапаргүл Эгизбаева (Абдинабиева) BBC дүйнөлүк кызматынын кыргыз филиалынын журналисти. Бир туягы (уулу) артында калды.

Өлүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздын чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Чолпон-Ата шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чындык деп жанган өмүр: Улан Эгизбаев / Ред. топ: В.Жуматаева, Б.Сарыгулова, З.Бактыбаев, М.Токталиев, У.Асаналиев, К.Кулуев; ред. Ж.Турдубаев. – Б.: Триада, 2018. – 367 б., сүрөт. – ISBN 978-9967-9115-1-2. – “Азаттык” үналгысы.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады

«Азаттыктын» кабарчысы КМШ сыйлыгына татыды

Кыялдагы Америка

«Азаттыктын» кабарчысы жана каарманы мамлекеттик сыйлыкка татыды

Роза Отунбаева: Улан - биздин Данко