Экзосфера

Википедия дан
Атмосферанын катмарлары.

Экзосфера – Жер атмосферасынын бир нече жүз километр бийиктиктеги тышкы катмары; андан суутектин жеңил атомдору космос мейкиндигине учуп чыгат. Экзосферадагы «абанын» массасы атмосферанын массасынын 10-10сына жакын.

Экзосфера иондолгон газдардан турат. Экзосферадагы физикалык процесстер Жердин магнит талаасына күчтүү таасир тийгизет. Экзосферада Жердин радиациялык алкагы жайгашкан.

Кошумча макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов