Ионосфера

Википедия дан
Ионосфера
Ионосфера

Ионосфера (ionosphere) – 75 кмден 1000 кмге чейинки Жер атмосферасынын иондошкон калың катмары.

Ионосферанын бар экендиги жөнүндөгү оюн алгачкылардан болуп англ. физик Б. Стюарт 1882-ж. көтөрүп чыккан. Ионосферада Күндүн ультракызгылт-көк жана корпускулалык нурлары, ошондой эле космос нурлары газ молекулаларын кесикин ажыратып, иондорду жана электрондорду пайда кылат. Алар Күн нурун өзүнө сиңирип алгандыктан, Ионосферада бийиктеген сайын температура жогорулап, 800 – 1000°Сге жетет. Аба басымы Ионосферада өтө төмөн, 300 км бийиктикте вакуумга жакын.
Электрондордун жана иондордун көп топтолушунун негизинде Ионосферанын электр өткөргүчтүгү Жерге чектеш катмардан 109–1010эсе көп. Ионосфера жогорку өткөрүмдүүлүккө ээ болгондуктан радиотолкундардын бүткүл диапазондо, кыскасынан узунуна чейин чагылтат, бул болсо аларга оң таасирин тийгизет жана алыскы байланышты түзүүнү камсыз кылат. Ионосфераны радиотолкундардын таркалышы бонча геофизикалык ракеталардын, жасалма жандоочулардын жардамында аэрономия илими изилдейт.

Кошумча макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов