Экисуу арасы

Википедия дан

Экисуу арасытарыхый топоним. Орто кылымдардагы араб, фарсы тилдериндеги адабияттарда – Миян-Рудан; түрк тилдеринде – «Экисуу арасы» аталышын берет. Аталыш Нарын менен Карадарыя сууларынын аралыгындагы (азыркы Ноокен, Базаркоргон, Сузак, Өзгөн райондору) аймакка таандык болгон көптөгөн жер-суу, шаар, кыштактарды санап отурбай кыскартып, жалпылап гана «Экисуу арасы» деп атап коюшкан.

Башкаруучулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кангайты бий — 1850-1876.
Мамыр Мерген уулу — 1873—1875 кыргыздардын көтөрүлүштү уюштуруучу.

Феодалдык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки Суу Арасында илгертен туруктуу отурукташып келген оргу, сокулук, азык, черик, кытай, жедигер, солто урууларынын бийлеринин кыргыз элин бириктирүүдө аларга жер бөлүп отурукташтырууда, наны жокко нан берип, колуна курал карматып, гуманитардык катастрофадан чыгууда ролу чоң болгон.

Экисуу-Орус согушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Экисуу арасы жүрүшү

Экисуу арасындагы жүрүш – 1873–76-жылдардагы элдик кыймылды орус колонизаторлору тарабынан басуу мезгилиндеги эң кыргындуу жүрүштөрдүн бири.

Эки-Суу арасынан чыккан баатырлар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал өрөөнүндөгү кыргыз урууларынын жайгашуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элдик санжыраларда кыргыз уруулары жалпысынан оң канат, сол канат жана ичкилик деп аталган үч ири уруулук топко ажырайт.

Мындай бөлүнүүнү байыркы мезгилдерден бери келе жаткан көчмөндөрдүн салттуу традициясына негизделген, туугандык-аймактык тектештиктерди камтыган коомдук-социалдык уюмдашуу десек болот. Кыргыз эли тарыхый даректерде белгилүү болгондой, XV кылымдын экинчи жарымынан тарта азыркы ата-мекени Кыргызстандын аймагына жайгаша баштаган. Жаңы жерлерден орун алуу көчмөндөргө мүнөздүү болгон уруулук-аймактык принциптер менен жүргөндүгү түшүнүктүү. Ошол себептен кыргыздын үч этно-саясий бирикмесине кирген уруулары ар бири өзүлөрүнүн тобу менен бири-бирине аймакташ болуп, компактуу аймактарга ээлик кылышкан.

Оң канат уруулары ичара адигине жана тагай деп аталган уруулук бирикмелерге ажырайт. Адигине муңгуш уруулук бирикмеси менен бирге “адигине-муңгуш” деп аталса, көпчүлүк мезгилде кыскача “адигине” (муңгуш) болуп айтыла берет. Тагай бирикмесине “наалы-эже” уруулар тобу кошулат, бирок жалпыланып “тагай” (наалы-эже) деп эле айтылат.Адигине бөрү, баргы, жору, сарттар, карабагыш, муңгуш жагалмай-тамга, кош-тамга урууларынан турат.

Тагайга сарыбагыш, бугу, солто, жедигер, багыш, саяк, азык, наалы-эже уруулук тобуна черик, моңолдор, коңурат, баарын уруулары кирет. Оң канат уруулары негизинен Кыргызстандын тең жарым аймагын ээлеп, анын түндүк-чыгыш бөлүгүн мекендешет. Бул чөлкөмгө Кытай мамлекетинин курамына кирген кыргыздардын басымдуу көпчүлүк аймагы кирет. Сол канаттысаруу, кушчу, кытай, басыз, муңдуз, жетиген, төбөй, чоңбагыш уруулары түзөт. Алар Кыргызстандын түндүк батыш аймагынан орун алган (чоңбагыш уруусунан башкасы).

Ичкилик уруулары тейит, бостон, жоокесек кесек, нойгут, канды, кыпчак, найман, дөөлөс, кыдырша, ават, оргудеп аталат. Ичкилик уруулары Кытайдагы Памир (Сарыкол) тоосунун түндүгүнөн тартып, батышка карай Кыргызстандагы Чоң-Алай, Таджикстандагы Бадакшан, Каратегин өрөөндөрү аркалуу Өзбекстандын Жизак аймагына чейинки территорияда жашап, алар Кыргызстандын жалаң түштүк чөлкөмдөрүнө тараган. Чаткал өрөөнүндө жогорудагы жалпы кыргыз урууларынын оң канат, сол канат жана ичкилик топторуна кирген кыргыздар жашашат. Чаткалдык кыргыздардын уруулук курамы кытай, кушчу, кыпчак, саруу, багыш, мундуз, моңол (түндүк кыргыздары моңолдор дешет), черик урууларынан турат. Алардан саруу, кытай, ьсушчу, мундуз уруулары сол канатка, багыш,моңол, черик оң канатка, кыпчак ичкиликке киришет. Чаткалдын АкТаш айылынын адамдарынын жарымынан көбүрөөгүн моңол, азыраагын кытай, мундуз, саруу урууларынын өкүлдөрү түзөт. Курулуш, Тегирмен-Сай жана ЖаңыБазар кыштактарында кытай, саруу, Айгыр-Жалда кытай, кыпчак, азыраак багыш уруулары турушат. Каныш-Кыяда кушчу, кытай, саруу, багыш жана кыпчак, Коргон-Сай, Башкы-Терек, Чакмак-Суу, Жер-Капчыгай айылдарында кытай, кыпчак, багыш уруусунун адамдары жашашат.

Терек-Сайда кушчу, кытай, черик, Сумсарда моңол, кытай, кушчу, черик, Шакафтарда кытай, саруу,моңол, Кызыл-Токойдо моңол, кытай жана кушчу урууларынын өкүлдөрү бар.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.