Эл эмне дейт?

Википедия дан
Эл эмне дейт?
Жанр

комедия, скетчком

Ролдордо

Актан Рыскелдиев
Радик Эшимов
Эркин Усенбаев
Чыңгыз Султанов
Нурсултан Муратбеков
Жаныш Майр

Мамлекет

 Кыргызстан

Түпнуска тили

Кыргызча
Орусча

Сезондордун саны

2

Сериялардын саны

24

Өндүрүш
Продюсер

Асхат Табалдиев
1.1STUDIO

Режиссёр

Эльдияр Эшимбеков
Радик Эшимов
Эркин Үсөнбаев

Сценарий

"Ак кеме" продакшн

Тартылган жерлер

Бишкек

Хронометраж

21 — 25 мүнөт

Студия

1.1STUDIO
Ак кеме prodiction

Трансляция
Телеканал

КТРК
Super.kg

Экрандарда

2016
2017

Статус

бүткөн

Эл эмне дейт? — Коомдогу көрүнүштөрдү тамашага салган скетчком жанрындагы, телесериал жана телекөрсөтүү. "Тамашоунун" чемпиондору "Ак кеме", "Позитифф" командаларынын жигиттер тарабынан даярдалган долбоор. Бул көрсөтүү 2017-жылы Кыргызстанда, Жарайт сити телесериалынан кийинки эле популярдуу телеберүү болуп эсептелген. "Жарайт city" шаардыктардын жашоосун көрсөтсө, бул долбоор "эл эмне дейт?" деп жашаган элеттиктердин жашоосун чагылдырат.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көрсөтүүдө, өлкөдөгү жети облустун уникалдуулугу чагылдырылган. Ар бир дубанда белгилүү бир стереотип калыптанып калган. Өлкөдө жашагандардын кары-жашы дебей меймандос жана дөөлөттүү. Алардын баарын "Эл эмне дейт?" деген түшүнүк бириктирип турат.

Андан кайнене менен келинди, ырым-жырымдарды ойлоп чыгарган карыяны жана башка кызыктуу образдарды көрүүгө болот. Көбүнчө чоң эжелердин ролун ойноого бекитилген тамашоучу Актан Рыскелдиев: "Эл эмне дейт?" деген кыргыздар той берип, үй салып, кымбат жогорку окуу жайда билим алып алдыга өсүп баратат. Бул сөз бизге чоң түрткү берет, ошондуктан долбоорду ушундай атадык",- дейт.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Актан Рыскелдиев
  • Радик Эшимов
  • Эркин Усенбаев
  • Чыңгыз Султанов
  • Нурсултан Муратбеков
  • Жаныш Майр
  • Эльдар Абдраимов
  • Залкар Касымов
  • Назира Айтбекова

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]