Электр-кардиограмма (ЭКГ)

Wikipedia дан

Электр-кардиограмма (ЭКГ) — иштеп жаткан жүрөктө пайда болгон электр чыңалууну каттоодон кагазга же фотоплёнкага түшкөн ийри сызык. Электр-кардиограмманы жазуу үчүн дененин ар кайсы бөлүктөрүнө (көкүрөк, кол, бутка) электроддорду жабыштырып, аларды электр-кардиограф менен бириктирет. Азыркы кездеги техникалык жетишкендиктер телефон, теле жана радио бергичтер аркылуу алыстан маалыматты алып, ЭКГ жасоого мүмкүнчүлүк түздү. Бул ыкма спортсмендердин, космонавттардын иштеп жаткан жана кыймыл учурунда жүрөк ишине байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Электр-кардиограмманы каттоо канча убакытка созулса да организм үчүн эч кандай коркунуч туудурбайт.

Дени соо кишинин Электр-кардиограммасы денесинин түзүлүшүнө, жашына жана башкалар себептерге жараша болот. Ар кандай ооруларда ЭКГ өзгөрүлөт. Ошондуктан ЭКГ жүрөк ритминин бузулушун, жүрөктүн ишемия оорусунун стадияларын, миокарддын инфарктын жана башкалар аныктоодо мааниси чоң.


Колдонулган адабият[оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8