Эпикур

Wikipedia дан
Эпикур

Эпикур (б.э.ч. 341—270) — байыркы грек философу, философиянын өнүгүшүнүн эллин мезгилинин эң көрүнүктүү ойчулу.

Өмүр баяны[оңдоо]

Самос аралында туулуп-өскөн. Он сегиз жашында Афинага көчүп келет (убактылуу); ал эми 35 жашында — ал жерде биротоло туруп калат да, бакта мектеп ачат, анын дарбазасына: «Мейман, сага бул жерде жакшы болот, бул жерде ыракаттануу — эң жогорку жыргалчылык» деген жазуу жазылып коюлган. Бул мектеп кийинчерээк «Эпикурдун багы» деп аталып калат.
Эпикур көп сандагы, 3ООгө жакын чыгармаларды жазган, алардын ичинен бизге айрымдары гана жеткен. Көп материалдар эпикуреизмдин каршылаштарынын чыгармаларында сакталып калган.

Философия тууралуу түшүнүгү[оңдоо]

Баарынан мурда Эпикурдун философияны жана анын милдетин кандайча түшүнгөнү кызыктырат. Эпикур, философия дегенибиз — адамды ой жүгүртүү аркылуу азап-кайгыны билбеген бактылуу турмушка алып келе турган ишмерлик деп эсептейт.
«Адамдын кайгы-муңун кетире албаган сөздөр кургак сөздөр. Денеден илдетти кууп чыга албаган медицинадан эч кандай пайда болбогон сыяктуу, жандын илдетин кууп чыга албаган философиядан да пайда жок [Лукреций. Нерселердин табияты жөнүндө. II том. 487-6.]. Бул ойду өнүктүрүп, ал Менекейге жиберген катында мындай деп жазат: «эч ким жаш курагында философия менен иштөөнү кийинкиге калтырбасын, ал эми карыганда философия менен иштөөдөн чаалыкпасын... Ким философия менен иштөөгө убакыт келе элек десе, анда ал бакыт үчүн убакыт жок, же эми бакыт үчүн убакыт калбай калды деген адамга окшош». Ошентип, философиянын максаты нагыз теорияда эмес, адамдарды агартууда экен. Эпикур өзүнүн философиясын үч бөлүккө: каноникага — тааным жөнүндөгү окууга, физикага, этикага бөлөт. Акыркысы Эпикур үчүн башкы бөлүк жана калган эки бөлүгү этиканы негиздөө болуп саналат.

Билим тууралуу ойлору[оңдоо]

Эпикурдун оюнча, бардык билимдер жаратылыш предметтерин кабылдоо аркылуу туюмдан келип пайда болот, буга ал ошондой эле фантазиялык образдарды да таандык кылат. Кабылдоо бизде нерселердин «образдарынын» («түрлөрүнүн») бизге киришинин натыйжасында пайда болот. Алар көрүнүшү боюнча катуу телолорго окшош, бирок «жукалыгы» боюнча алардан алда канча ашып түшөт. Бул образдар телолордун тышынан бөлүнүп чыгат да, ойдун ылдамдыгындай ылдамдыкта орун алмашат. Эгерде алар сезим органдарына кире турган болсо, анда чыныгы сезимдик кабылдоолорду берет, эгерде алар телонун тешикчелерине кирсе, анда фантастикалык кабылдоолорду берет. Түшүнүктөр, же жалпы элестер айрым жеке элестердин негизинде жаралат. Кабылдоо жана жалпы элестер курчап турган дүйнөнү дайыма туура чагылдырат. Ошондуктан алар билимдердин критериясы катарында чыгат.

Этика[оңдоо]

Жаңылыштык жана каталык биз өзүбүздүн кабылдоолорубузга бир немелерди кошконубузда, өзүбүздүн элестерибизди башка чындыкка таандык кылганыбызда пайда болот, башкача айткандаакыл-эс каталардын булагы болуп чыгат экен. Өзүнүн этикасын негиздөө үчүн Эпикур Демокриттин атомистикасын пайдаланат. Ал өзү аныктамалаган үч өбөлгөгө таянат:
1) жок нерседен эч нерсе пайда болбойт жана бар нерсе жок болуп кетпейт;
2) аалам азыр кандай болсо, мурда да дайыма дал ошондой болгон жана дайыма ушундай бойдон тура берет;
3) аалам телолордон жана боштуктардан турат.
Бул өбөлгөлөр мурдагы философтор тарабынан, алардын ичинде Демокрит жана Левкипп тарабынан да кабыл алынган болучу. Аларды ээрчип, Эпикур тело атомдордон турат, ал атомдор бөлүнгүс жана формасы, чоңдугу жана салмагы боюнча айырмаланат деп тааныйт. Атомдордун салмагы боюнча бөлүнүшүн айырмалап көрсөтүшү Эпикурдун концепциясынын бир кыйла олуттуу белгиси.

Эпикур жана Демокриттин физикасынын айырмасы[оңдоо]

Эпикурдун физикасынын Демокриттин физикасынан айрымасы да анын атомдордун кыймылын түшүнгөнүндө. Демокрит атомдордун боштуктагы кыймылы тышкы механикалык зарылдык менен аныкталат дейт. Эпикур болсо атомдор түз сызыктуу кыймылдан эркин түрдө кыйшайып кетет деп эсептейт. Кыймылдаганда атомдор түз сызыктуу кыймылдан өзүнөн өзү кыйшайып, кыйшык сызыктуу кыймылга өтөт. Эпикурдун атомистиканы өнүктүрүүгө кошкон оригиналдуу салымы мына ушунда турат. Атомдордун өзүнөн өзү кыйшайышы Эпикурга алардын өз ара кагылышын түшүндүрүү үчүн керек. Муну менен ал атомдорго мүнөздүү болгон эркиндикти түшүндүрүүгө умтулат: салмактын күчү астында атомдор түз сызык же баш-аламан кыймылдашат, ошону менен бирге кокус кыйшаюулар жана кагылышуулар болуп турат. Атомдордун кыйшаюу концепциясы, Эпикурдун ою боюнча, адам эркиндигинин концепциясы үчүн негиз болууга тийиш.

Эпикурдун таанымы[оңдоо]

Эпикур иштеп чыккан тааным жөнүндөгү окуу жана физика ал үчүн өзүнчө мааниге ээ болгон илим тармагы эмес, анткени философия анын пикири боюнча, жаратылышты изилдебестен, адамга бактылуу болуунун жолун көрсөтүп берүүгө тийиш. Ошондуктан, өзүнүн философиялык көз карашынын борборуна ал олуттуу түрдө талдап-кароого татыктуу болгон жападан жалгыз тармак катарында этиканы коёт. Этика проблемаларына карата Эпикурдун көз караштары бир бүтүн системага салынган, ал көп учурда эпикурейлик этика деп аталат.

Бакыт түшүнүгү[оңдоо]

Эпикур үчүн бакыт дегенибиз — бул ыракат. Муну менен бирге ал ыракатты азап чегүүнүн жоктугу деп түшүнүү керек деп көрсөтөт. Бакыттын негизи катарындагы ыракаттын бул этикалык принциби, Эпикурдун пикири боюнча, гедонизм менен эч кандай жалпылыгы жок. «Ыракат биздин башкы көздөгөн максатыбыз,— деп айтканыбызда,— деп жазат Менекейге, биз бузукулардын ыракаты жөнүндө, жана кээ бир түшүнбөгөндөр, же макул эместер, же туура эмес түшүнүшкөндөр айтып жүрүшкөндөй төшөк ыракаты жөнүндө ойлобойбуз, биз дененин жабыркоосунан жана жан дүйнөдөгү коркунучтардан эркин болуу жөнүндө ойлойбуз» [Лукреций. Нерселердин табияты жөнүндө. II том, 131-6.].

Ыракат критерийи[оңдоо]

Ыракат дегенибиз жыргалчылыктын критерийи деп эсептеп, Эпикур адам жаман-жакшыны ылгабай ар кандай ыракатка батууга тийиш деген позицияда дегеле турган эмес. Таптакыр андай эмес, ыракатты тандап алууда адам акыл-эстүүлүк принцибин жетекчиликке алууга тийиш, дал ошондо гана адам чыныгы ыракат ала алат.

Башка жакшылыктар тууралуу[оңдоо]

«Бардык башка жакшылыктар акыл-эстүүлүктөн келип чыккан: ал, акыл-эстүүлүк, адептүүлүк, адилеттүүлүк менен жашабай туруп, жагымдуу жашоого болбойт, мунун тескерисинче, жагымдуу жашабай туруп, акыл-эстүү, адептүү жана адилеттүү жашоого болбойт деп үйрөтөт» [Лукреций. Нерселердин табияты жөнүндө. II том, 132-6].

Жүрүм - турум теориясы[оңдоо]

Муну менен бирге Эпикур жүрүм-турумдун теориялык негизин да иштеп чыккан, бул теорияга ылайык биз бир гана ыракатты тандап алып, башкаларынан качууга тийишпиз. «Ыракат дегенибиз — бизге жеринен, тубаса берилген жыргалчылык болгондуктан биз ыракатты туш келди тандап ала албайбыз, бирок кээде акырында биз үчүн чоң жагымсыз балаа келип чыга турган көптөгөн ыракаттардан качабыз: ошондой эле биз көптөгөн азап чегүүлөрдү ыракатка караганда алда канча жакшы деп эсептейбиз, анткени, биз узак убакыт бою азап чеккенибизден кийин бизге чоң ыракатка бата турган учурлар келет. Ошентип, ар кандай ыракат — бизге ал табиятынан жаныбыз менен бирге болгондуктан жыргалчылык болуп саналат, бирок ыракатты туш келди тандап алуу туура эмес, ошондой эле ар кандай азап чегип, кыйналуу жамандык, бирок бардык эле азап чегүүдөн качууга болбойт» [Лукреций. Нерселердин табияты жөнүндө. II том, 129-6.]

Этикалык көз карашы[оңдоо]

Мына ошентип, Эпикурдун этикалык көз карашы моралды утилитардык талдап-түшүндүрүүнүн бир түрү болуп саналат. Буга анын адилеттүүлүк жөнүндөгү түшүнүгү да ылайык келип турат, анын пикири боюнча адилеттүүлүк дегенибиз келишим маселеси менен тыкыс байланышкан: «Адилеттүүлүк дегенибиз өзүнчө эле обочо турган бирдеме эмес, кай жерде болбосун адамдардын бири-бири менен карым-катышында адилеттүүлүк ар дайым бирөөгө зыян келтирбөө жана бирөөдөн зыян тартпоо жөнүндөгү айрым бир келишим сыяктуу нерсе болуп саналат» [Лукреций. Нерселердин табияты жөнүндө II том, XXXIII б]. Эпикур кандайдыр бир даражада философиянын андан кийинки тарыхында өнүктүрүлгөн коомдук келишим теориясын алдын ала айткан.
Эпикурдун этикалык-философиялык көз карашы анын атеисттик көз карашына негиз болгон. Ошол эле убакта ал «дүйнө аралык» мейкиндиктерде кудайлардын бар болушуна жол койгон, алар дүйнөгө кайдигер мамиледе турушат жана адамдын жашоо-турмушуна кийлигишпейт. Ал барыдыгын Кудай жаратат дегенге каршы чыгып, аны карапайым калк ойдон чыгарган жалган кеп деп эсептеген. Кудайлардан коркуу, өлүмдөн коркуу, Эпикурдун пикири боюнча, адамдын бактылуу абалга жетишүү жолундагы башкы тоскоолдуктар болуп саналат. Эпикурдун этикасы коомдук ишмердиктен качууну, жеке тиричилик менен көбүрөөк алек болууну сунуш кылат. Мына ушундан Эпикурдун этикалык көз карашынын индивидуалисттик багыты көрүнөт, бул бүткүл эллинизм мезгилине мүнөздүү болгон. «Жупуну жаша» — анын жашоо эрежеси ушундай.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8