Эр Эшим(поема)

Википедия дан

“Эр Эшим”тарыхый поэма. Эпикалык чыгармада күчтүү душмандардын мизин кайтаруу үчүн эпикалык образдарды реалдуулуктун чегинен өткөрө, алардан да күч кубаттуу кылып идеализациялоо тенденциясы өкүм сүрүп келген. Мындай көрүнүш эл тарабынан кадыресе салттык түшүнүк катары кабыл алынып, эпикалык чыгарманын көркөм табияты менен байланышкан. Эр Эшимдин калмактарга каршы жасаган баатырдык иштери да мына ошондой эпикалык чыгармалардын таламдарына баш ийдирилип, элди-жерди коргогон баатырдын даңазалуу иштери баян этилет. Чыгарма кыргыз элинин өткөндөгү жай турмушун сүрөттөө менен башталат. Мындай ыкма “Манас” баш болгон эпикалык чыгармалардын көпчүлүгүндө пайдаланылат. Сюжеттик линияны түзгөн окуялар кадимки турмуштагыдай башталып, жай өнүгүп отурат.

Кызкача мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жумгалды жердеген Түгөл аттуу байдын малы жер-сууга батпай, ал “боору жазы” кенен жер издеп Талас, Ашмара, Мерке аймактарына чейин келет. Жергиликтүү элдер анын “жылкысын тийип” четинен союп жей баштаса Түгөл “чым” этип койбой, “мейли жерге батпаган малдын эмнесин аяйын” деп, кең пейилдүүлүк менен мамиле кылат. Түгөл менен Эр Эшим жер, мал талашып чатакташпай, ынтымакта турушат. Күндөрдүн биринде Эр Эшим өзүнүн эрдигине, күчүнө ылайык “кууса куткарбас, качса жеткирбес” бир тулпары жок экенин сынчысына айтып кейип калат. Түгөл байдын сансыз жылкысынын арасынан тулпар караштырыш үчүн Эр Эшим сынчысын ээрчитип жолго чыгат. Эр Эшимди Түгөл сый менен жакшы күтүп алат. Түгөл байдын байбичеси Кыздарбек менен сынчынын ортосундагы байлык, ынсап, ач көздүк туурасындагы чакан аңгеме да поэманын кызыктуулугун арттырып, өзүнчө бир көркөм жүк көтөрүп турат.

Эр Эшимдин сынчысы сан жылкынын ичинен даакысы жонунан түшпөгөн бир кула быштыны жолдо келе жатканда эле тандап койгон, кетээринде Түгөлдөн ошол быштысын Эр Эшимден сурап алат. Түгөл ал бышты туулганда кулагы чала тилик экендигин жана төгүн мал эместигин тигилерге айтат. Көрсө, Түгөлдүн жылкыларынын арасынан бир кайкы бел кара бээни марал өңдүү бир сур айгыр бөлүп кетип, жыл маалында баягы бээ кайра үйрөнө кайтып келет. Ошол бээден Шарпкула туулат. Ал башка малдарга кошулбай, өзүнчө оттоп, булактын башынан барып суу ичет. Ушул сыяктуу белгилер ишарат кылып, мунун буудан болушунан Түгөл бай күмөн санабай сынчы менен макул болот. Ошентип, “Эр Эшим” поэмасы акырындап өнүгүп, жоого минчү тулпар даярдалып, душманга бет алганда караан бутак болуучу уруу башчылары менен дипломатиялык мамилелер түзүлө баштайт.

Эр Эшим калмак ханы менен[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бирде биригип, бирде чачылып турган элибиздин бирдиктүүлүгү бузулган учурда узак мезгилдер бою душмандардын агрессивдүү чабуулдарына каршы жүргүзүлгөн күрөш өтө татаалдашкан. Мындай учурда бир уруу экинчи уруу менен биригип, жалпы күрөш ачууга умтулушкан. Уруулардын биригүү аракети “Эр Эшимдин” мисалынан ачык көрүнөт. Алсак, Ажаан аттуу калмактын каны каарданып, кыргыздарды тукум курут кылмакчы болуп, Каркыра тараптан кол салат. Кыргыздын уруу башчылары кеңеш курат. Кыпчактардын Эр Эшими катагандардын кан Турсуну менен “кылыч мизин жалашып” дос болушат да, кыпчак элин кан Турсунга тапшырып, өзү жоо жарагын шайланып, катаган, кыпчак элинен кол курап калмактарга каршы согушка аттанат. Чоң чабыш, кан төгүлгөн согуш бир топ күнгө созулуп, акыры Эр Эшимдин колу калмактарды жапырып кирет. Эр Эшим Шарпкула менен жапырып кирип, калмак баатыры Ажаанды сайып өтөт. Жарадар болгон Ажаанды жан-жөкөрлөрү жөлөп-таяп, өз кошуунуна алып качышат. Душман мизи майтарылып, алар Камбыл, Үч-Турпан шаарына кире качышат. Эр Эшим жоокерлерин чогултуп масалакат кылат. Душмандарды аягына чейин талкалайлы деген бүтүмгө келишет да, өзү Ажаандын артынан сая түшүп кубалайт. Шарпкула менен жетип, Ажаанды өлтүрөт. Эл арасында
“Катагандын кан Турсун,
кан Турсунду ант урсун”,
Анын кылган ишине,
кантип чыдап жан турсун” деген лакап сөз айтылып калган. Ушул сөздүн төркүнү “Эр Эшим” поэмасында таржымалданат. Кылыч мизин жалашып жоо болгон кан Турсун, Эр Эшим калмактар менен согушуп жүргөндө элге калыс кан болбой , кыпчактарды кордоп жиберген. Эр Эшимдин эки аялын тул кылып, кичүү аялын алып алат. Бул окуяны уккан Эр Эшим ачуусу келет. Жоокерлери менен амал ойлошот. Алар соодагер кейпин кийишип, кербенчи катары түнөп кетүүнү суранышып, кан Турсунга кабар айттырышат. Дүйнөгө кызыккан ал кербенчилерге алданып, чептин эшигин ачып берип, алданат. Ошентип, кан Турсун Эр Эшим колдуу болуп өлөт. Эр Эшим калмак доору аталган мезгилде 14-17-кылымдын аралыгында жашаган реалдуу адам. Поэма боюнча айрым кыргыз санжырачыларынын берген маалыматтары боюнча, анын тегин кыргыз-кыпчактан да чыгарышат. Бул баатыр тууралуу аңыздар казактарга караганда кыргыздарда көбүрөөк сакталган.

Эр Эшимдин учурундагы кыргыз,казак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эр Эшимдин тушунда кыргыз, казактар ынтымакта болушуп, калмактарга каршы бирдиктүү согуш аракеттерин жүргүзүшкөн. Бул туурасында Ч. Валиханов 19-кылымдын ортосунда эле, Эшим кан кыргыз-казактын биримдигинин эстелиги катарында Көкүмгө арнап, Ташкентке күмбөз тургузгандыгын, ал азыр да “Көкүмдүн көк күмбөзү” деп аталарын эскерет. Жыйынтыктай келгенде “Эр Эшим” поэмасы эл башынан кечирген тарыхый тагдырларын көркөм чагылдырган баалуу мурас. Достуктун ыйык антын бузган адамдардын кейиштүү тагдыры ашкереленген, акыйкатчылыктын, эр жүрөктүүлүктүн салтанатын даңазалаган тарбиясы бар чыгарма. Реалдуу жашап өткөн адамдар, географиялык жер-суу аттары, союздаш жана каршылашкан элдер туурасындагы маалыматтар поэманын тарыхыйлуулугун арттырып, аны “тарыхый поэма” деп атоого мүмкүндүк берет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]