Эсенаманов Эркинбек

Википедия дан

Эсенаманов Эркинбек советтик жана партиялык ишмер Эсенаманов Эркинбек

Кыскача өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эсенаманов Эркинбек (1904–1938) – советтик жана партиялык ишмер. 1920-ж. биринчи даражадагы Советтик эмгек мектебинде, 1925-жылга чейин Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде окуган. 1930-ж. апрелден 1931-ж. январга чейин Кыргыз АССРнин Орто Азиядагы туруктуу өкүлү катары Ташкен шаарында иштеген. Москвадагы Кызыл профессуранын агрардык институтунда окуп, 1933-ж. Кемин районуна машина трактор станциясынын саясий бөлүмүнүн башчысы катары жиберилген. 1934-жылдын июндан 1937-жылдын 8-сентябрга чейин Кыргыз АССРинин жер боюнча эл комиссары болуп иштеген. Ушул эле жылы сентябрь айында камакка алынып, 1938-ж. 5-ноябрда өлүм жазасына өкүм кылынган. 1957-жылы акталган. Отузунчу жылдардагы кыргыз элинен чыккан алгачкы билимдүү, илимдүү жаштардын катарын толуктап, партиялык саясий ишмер катары тарыхта аты калды. Репрессиянын курмандыктарына арналган “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Эсенамановдун фамилиясы жазыксыз атылгандардын катарында турат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы энциклопедия